Эки аймакта ок атуу токтоду, Баткен ооруканасына дагы үч адам жеткирилди

УКМКнын Чек ара кызматы 28-январдын түнкү саат 2:00гө карата Көчө-Бою жана Дахма аймактарында ок атуу токтогонун билдирди.

Учурда президенттин баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын облустагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмадзода жана өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Жолугушуу 28-январда түнкү саат 1:43тө башталып, жолугушуу Баткен районунун Как-Сай аймагында өтүп жатат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда Головной жана Төрт-Көчө аймыгында маал-маалы менен ок атуу угулууда.

Түнкү саат 2:00го карата Баткен облусутук бириктирилген ооруканасына тез жардам менен үч жарадар киши жеткирилди. Экөөсү дене мүчөлөрүнүн ар башка жерине жардыруучу заттын сыныктары тийип жарадар болгон, дагы бирөөнө ок тийген.

Жабыркагандарын абалы «орто оор» деп бааланып, тийиштүү дарылоодон өтүп жатат. Жалпысынан Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жети адам жеткирилген. Алардын төртөө аскер кызматкери экени белгилүү.

Тема боюнча:

Эки өлкөнүн версиясы: Жаңжал эмнеден улам чыкты жана ок атууну ким баштады?