Опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов кызматтан кетти

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Турапов кызматын өз каалоосу менен тапшырган. Ал эми аны кызматтан бошотуу тууралуу расмий буйрук ведомствого 28-январда келип түшкөн.

Керим Турапов.

Керим Турапов бул кызматка 2019-жылдын 31-январында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен дайындалган.

Опера ырчысы 2000-жылдан тарта 2007-жылга дейре улуттук Филармониянын директорлук кызматын аркалап, бирок кийинчерээк Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандыктан кызматынан кеткен.

Парламентте ал 2007-2008-жылдары иштеп, андан соң кайра Филармонияны жетектей баштаган. Кийинчерээк Турапов Асанкан Жумакматов атынданы симфониялык оркестрдин вокалист солисти болуп иштеген.

Опера жана балет театрындагы чыр

2021-жылы 6-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет академиялык театрынын артисттери сахнага чыгуудан баш тартып, көрүүчүлөрдөн кечирим сурашкан.

Нааразы болгон көрөрмандардын айтымында, алар орусиялык жылдыздардын катышуусундагы «Ак куу көлү» («Лебединое озеро») балетин 40 мүнөткө чукул күтүшкөн. Кийинчерээк улуттук балет театрынын артисттери чыгып, спектакль болбой турганын жарыялашкан.

Кийинчерээк артисттер театр жетекчилигине үнүн жеткирүү үчүн мындай кадамга барууга аргасыз болгонун билдиришкен.

Балет бийчилеринин айтымында, алардын жеке ар бири менен эмгек келишими түзүлгөн эмес — Эмгек кодексинин жалпы жоболорун камтыган жамааттык келишим гана бар. Бул келишимде коммерциялык долбоорлордо эмгек акыларын төлөө, оюндардын саны сыяктуу бир катар орчундуу маселелер каралган эмес — бир айлык эмгек маянасы гана бекитилген.

Кийинчерээк театрдын жетекчиси Карим Турапов мындан ары коммерциялык спектаклдер коюлбай, чет элдик артисттер чакырылбай турганын билдирген.

Балет театрындагы чуу өкмөткө чейин жеткен. 2021-жылдын 9-мартында ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков жаңжалдашкан эки тарап жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен жолуккан.

Маданият министрлиги жаңжалды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, ага юристтер, аудиторлор жана балет труппасынын өкүлдөрү кирген.

Тема боюнча:

«Кулдай иштетип жатышат». Опера жана балет театрынын солисттери жетекчиликке нааразы

Балет театрындагы чыр: Артисттердин бир бөлүгү сый акыдан куру калды