Кумтөр 2021-жылы алтын сатты беле же жокпу? Минкабдын адаштыруусу

Министрлер кабинети 29-январда «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери кендин бардык алтыны өлкө аймагында жана республиканын менчигинде калып жатканын билдирди.

Кумтөрдөгү жүк ташуучу унаалар.

Бирок, 18-январда минкаб «Кумтор Голд Компанинин» 2021-жылга карата отчётун бекиткен, анда компания 856 миллион долларга алтын сатканы тууралуу айтылат. Ал эми убактылуу тышкы башкаруу учурундагы киреше 621 миллион долларды түзгөн. Алтынды кимдер сатып алганы айтылган эмес.

Отчётко ылайык, 2021-жылы Кумтөрдө 14,5 тонна алтын өндүрүлгөн. Компания 2022-жылы 17 тоннадан ашык алтын өндүрүү пландалып жатканын билдирет.

Сатуунун көлөмү боюнча маалыматтар буга чейин айтылбай келген. Өлкө бийлиги Centerra компаниясы мындай маалыматтарды туура эмес түшүнүп алышы мүммкүн болгондуктан, ачыктоого болбойт деп билдирген эле. Centerra Gold Inc. — кыргыз бийлиги бир нече иш боюнча соттошуп келе жаткан канадалык алтын өндүрүүчү компания.

Ошол эле учурда, 2021-жылдын сентябрында минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөрдүн бүткүл алтыны өлкө аймагында экенин кабарлаган. Компаниянын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, мындан ары «Кумтөр Голд Компани» компаниясы өндүргөн бардык продукцияны Улуттук банк сатып ала турганын билдирген. Бирок Улуттук банк «Кумтор Голд Компани» менен кенде өндүрүлгөн алтынды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн эместигин айткан.

Дагы окуңуз:

Кумтөрдө 2021-жылы 14,5 тонна алдын өндүрүлдү. Тенгиз Бөлтүрүк минкабга отчёт берди

Centerra Кыргызстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн тастыктады жана өз талаптарын айтты