Каржы министрлиги судьялардын айлыгы 160 миң сомго жогорулаганын айтса, Жогорку сот муну төгүндөөдө

Каржы министрлиги 2021-жылы судьяларынын айлык акысы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулаганын билдирди. Анткен менен Жогорку сот бул маалыматты четке какты.

Судьялардын маянасы жогорулаганы тууралуу министрлик президент Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу боюнча отчётунда маалымдады. Отчётко ылайык, мындан сырткары төмөнкү мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары көбөйгөн:

  • аскер кызматкерлери — 21 миң сомдон 28 миң сомго чейин;
  • медицина кызматкерлери — 8 миң сомдон 13 миң сомго чейин;
  • маданият кызматкерлери — 7,8 миң сомдон 11,7 сомго чейин.

Министрликтен айлык акыларды жогорулатуу үчүн бюджеттен кошумча 3,8 млрд сом бөлүнгөнүн белгилешти.

Анткен менен Жогорку соттун басма сөз кызматы Каржы министрлиги «туура эмес маалымат берген» деп билдирди. Мекемеден судьялардын оклады 2021-жылдын 1-июлдан тартып 46 миңден 51 миңге чейин жогорулаганын маалымдашты.

«Эмгек акыга ар кандай кошумча акылар белгиленет, мисалы, эмгек стажы, квалификациялык класс, белгилүү бир чектөөлөр болгон иштерди кароо, бийик тоолуу шарттарда иштөө ж.б. Райондук сотто оклад 46 миң сом болсо, облустук сотто 49 миң сом, Жогорку сотто 51 миң сомду түзөт. Иш стажы боюнча үстөк акы ар бир судьянын иш стажына жараша 5%дан 40%га чейин болот», — деп билдиришти Жогорку соттон.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Кыргызстанда 2021-жылы орточо эмгек акысы 19 миң 662 сом түзгөнүн маалымдаган. Анын айтымында, 2020-жылга салыштырмалуу маяналар 9,6%га жогорулаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«20 батир жана унаалар». УКМК Жогорку соттун судьясын «мыйзамсыз баюуга» шектеп жатат

Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду

74 батир, 19 соода жайы. Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө