УКМК: Түрк ишкерин урдоону уюштургандардын бири кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 1998-жылы туулган Махаматкарим уулу Ниязалыны кармады. Ал, атайын кызматтын версиясы боюнча, декабрдын башында С.Д аттуу түрк ишкеринен акча опузалоону жана аны уурдоону уюштургандардын бири.

УКМК бул кылмыштын негизги фигуранты Болот Матраимов дагы издөөдө экенин кошумчалады. Андан тышкыры, тергөө иштеринин жүрүшүндө түрк ишкерин уурдоого катышкан дагы бир шектүү аныкталган. Ал түрк тектүү Озген Эртугрул Каана аттуу кыргыз жараны экени белгилүү болгон. Учурда ага да издөө жарыяланды.

Ошондой эле, аталган иш боюнча кармалган блогер Бегимай Жоробаева үй камагына бошотулду.

УКМК кыргызстандыктардан «издөөдөгү адамдар боюнча маалымат алып калган учурда» укук коргоо органдарына кабарлоону суранды.

Түрк ишкеринин уурдалышы

2021-жылдын декабрь айынын башында УКМК С.Д. аттуу түрк жаранын уурдоого шектүү бир нече адам кармалганын билдирген. Басма сөз кызматы кармалгандардын арасында ИИМдин кызматкерлери, кыргыз жарандары жана чет элдиктер бар экенин кабарлаган. Алар ишкерден 3 миллион доллар опузалашкан.

УКМКнын маалыматына ылайык, түрк ишкери Кыргызстанга 1-декабрда учуп келген. Аны «документтерди текшерүү керек» деген шылтоо менен кармалып «Манас» аэропортунун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Андан соң тапанча такап коркутуп, бардык баалуу буюмдарын (акча, саат, телефон, ноутбук ж.б.) алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан», — деп билдиришкен УКМКдан.

Атайын кызмат ишкерди уурдоону анын досу жана бизнес-өнөктөшү «А.Б.» уюштурганын аныкталганын да кабарлаган. Ал кылмышты ишке ашыруу үчүн кишилерди таап, даярдык көргөнү айтылат.

«Кийин уурдагандар “А.Б.” аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны бошотуу үчүн 400 миң доллар алууга макул болуп ишкерди коё беришкен», — деп берилген УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМКдан кылмышка шектүү катары төрт киши кармалганын билдирген. Кармалгандардын арасында «Манас» аэропортунун тейлөө боюнча аба транспорт башкармалыгынын башчысы «П.Т.» жана блогер Бегимай Жоробаева.

Бирок Жоробаеванын адвокаты өткөн жылдын декабрында коргоп жатканын адамынын бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун, ал эми башкы шектүү эркиндикте жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал «окуя УКМК айткандай болгон эмес» деп кошумчалаган.

Тема боюнча окуңуз:

Түрк ишкерин уурдоо: Сезимай Жунусованын жактоочусу УКМК окуяны «бурмалап жатат» деди