УКМК Temirov Live’дын командасын аңдууга тиешеси жоктугун дагы бир жолу айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Temirov Live’дын иликтөөчү тобунун артынан болгон аңдууга, шантаж иштерине эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. «Клооптун» журналисттери УКМКга жиберген кайрылуусуна ушундай жооп алышты.

«Кайрылууда айтылган бардык маселелерге улуттук коопсуздук органдарынын тиешеси жок», — деп жооп беришти атайын кызматтан.

УКМКга даректелген кайрылууда «Клооптун» журналисттери атайын кызматтан Temirov Live’дын редакциясын тинтүү, иликтөөчү журналисттердин артынан болгон аңдуу жана алардын жеке маалыматтарынын интернетте тарап кеткени тууралуу маалымат алууну каалашкан.

Муну уккандай болдук эле…

УКМК буга чейин да Temirov Live’дын журналисттерин каралаган видеолорго жана журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышына эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

«Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, “катуу сөздөрдү, эпитеттерди” айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат», — деп айтылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, атайын кызматтан УКМКнын кызматкерлери «коомдун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшап жатат» деп дагы кошумчалашкан.

Коопсуздук кызматы «коомчулук, өзүн адаштырууга жол бербейт» деп үмүт артаарын дагы айткан.

«Ташиевдердин схемасы» тууралуу иликтөө

Temirov Live командасы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин Болот Темиров атайын кызмат тарабынан кармалып, андан соң кесиптештери кодулана баштаган.

Андан соң белгисиз колдонуучу жашыруун камерага тартылган журналисттин жеке жашоосуна байланыштуу видео жарыялаган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган. Ошондой эле журналисттер Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси менен Шайырбек Ташиевдин байланышы бар экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Темировдун кармалышы жана кеңседеги тинтүү

Болот Темировду Temirov Live’дын кеңсесинде бир канча сааттык тинтүүдөн кийин кармашкан. Кеңсени тинтүү учурунда милиция Темировдун чөңтөгүнөн баңгизат табылганын билдирген. Ал эми журналист өзү кеңседен чыгарылып баратканда ага «баңгизат салып коюшканын» билдирген. Темировду кармоо учурунда укук коргоо органынын кызматкерлери Temirov Live’дын кеңесесиндеги компьютерлерди кошо алып чыгып кетишкен.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Кийинчерээк милиция Темиров сатуу максатын көздөбөй баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелип жатканын, ал эми Назаровго эки берене боюнча айып тагылганын билдиришкен. Акын «Баңги каражаттарын сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо» жана «Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү» беренелери боюнча шектелүүдө.

Темиров менен Назаров учурда эч жака кетпөө тил каты менен үй камагына чыккан. Бул чечим 23-январда аларды колдоо митингинен кийин чыгарылган.

Бир катар активисттер аталган «видеолорду чыгарууга» укук коргоо орган кызматкерлери менен өлкөнүн атайын кызматтары аралашкан ыктымал деп эсептешет. Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, андан УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди жана ички иштер министри Улан Ниязбековду отставкага кетирүүнү талап кылышкан.

Журналисттерди кодулоо болуп атканы парламентарийлерди дагы ойго салды. Парламенттин 26-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев УКМК журналисттердин жеке жашоосун коомчулукка жарыялап «уят» болууда деп айткан.