Ош: Бактыбек Жээналиев Кара-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды

Бактыбек Жээналиев. Сүрөт: «Турмуш»

Бактыбек Жээналиев 3-февралда Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп дайындалды. Маалыматты «Клоопко» Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Болот Баяке уулу тастыктады.

Маалыматка ылайык, Жээналиевди дайындоо тууралуу буйрукка Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев кол коюп, аны мэриянын жааматына тааныштырды. Баяке уулунун айтымында, Жээналиев бул кызматка муниципалдык кадрлар резервинен алынган.

45 жаштагы Жээналиев буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал 1999-жылы Ишеналы Арабаев атындагы универстетинде «Математика жана информатика» адистигин аяктаган.

Буга чейин Кара-Суу шаарын экс-бажычы Адыл Лолобаев жетектеген — ал 2020-жылдын 1 июлунда Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан шайланган. 20 жылга чукул бажы тармагында эмгектенген Лолобаевдин дайындалышы коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Айрымдар Лолобаев «Райымбек Матраимовдун кадры» деп божомолдошкон. Анткен менен Лолобаев Матраимовдор менен болгон байланышын четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суунун жаңы шайланган мэри Матраимовдорго тиешеси жоктугун айтууда

Автор: Эрнисбек Масиркулов