Видео: Активист эреже бузган жол инспекторлорун өздөрүнө протокол түзүүгө аргасыз кылды

Бишкекте блогер Эртай Исаков кайгуул милициясынын кызматкери кызматтык унаа менен жол эрежесин бузган учурду видеого тартып алды. Мындан улам орган кызматкерлери өздөрүнө карата протокол түзүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу видеону блогер Инстаграм барагына жарыялады.

Видеодо кафеден чыккан Исаковду кайгуул милициясы токтотуп, алкотестердин жардамы менен спирт ичимдигин ичкен-ичпегенин текшерүүгө аракет кылганын көрүүгө болот. Бирок мундштук жерге түшүп кеткендиктен, текшере алышкан эмес.

Кайгуул кызматкерлери блогерди кароодон өткөрүп, андан соң бошотушкан.

Кийин Исаков милиция кызматкерлери кеткен тарапка унаасын айдап, алар кызматтык унаа менен жол эрежесин бузганын видеого тартып алган. Милициянын унаасы Юнусалиев көчөсүндөгү негизги белгини кесип өтүп, бурулуп жатканда фарасын күйгүзбөй, алдындагы унааны ашып өткөн.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери жол эрежесин бузуп жатканы.

Активист кайгуул милициясынын кызматкерлерин кууп жетип, жол эрежесин бузганын далилдеп берген. Милиция кызматкерлери жол эрежесин бузганын мойнуна алып, бири экинчисине протокол түзгөн.

Ошондой эле, видеодон активисттин патрулдук милициянын кызматкерлерине «Мындан ары жол эрежесин бузбаңыз. Жакшы айдыңыз» деп эскерткенин да көрүүгө болот.

2019-жылдын 4-мартынан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөй турган «Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштаган. Бирок система ишке киргенден кийин айдоочулар айып пулдун өлчөмүнө нааразы болушкан. Мындан улам 2019-жылдын декабрь айында парламент жол эрежесин бузуунун сегиз түрүнө айып пулдун көлөмүн азайткан.

2021-жылдын март айына карата алынган маалыматка ылайык, жол эрежесин бузуулар үчүн айыптын көлөмү категориясына жараша миң сомдон 55 миң сомго чейин жетет.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны көбөйгөнү байкалган. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.