Бекешев президенттен социалдык төгүмдөр тармагындагы реформаны ага тапшырууну өтүндү

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Президент Садыр Жапаровго социалдык төгүмдөр жана пенсияларды төлөө тармагын реформалоону мага ишенип тапшырууну сунуштайм. Социалдык фонд өзү олуттуу өзгөрүүлөргө бара албайт», — деп айтты ал.

Бекешев 4-февралда Социалдык фонд презинтация жасаганын айтып, социалдык төгүмдөр тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгилеген.

«Бүгүнкү күнү пенсионерлер пенсияны жогорулаткыла деп туура талап кылып жатышат, бирок мамлекет муну жасап бере албайт. Анткени бир пенсионердин акчасын 0,8 жумушчу камсыздайт. Орто курактагы жарандар келечектеги пенсиясы жөнүндө ойлонуудан коркушат, ал эми жаштар татыктуу пенсиядан тап-такыр үмүт кылышпайт», — деп айтты Бекешев.

Ал бүгүнкү күнү мамлекет туңгуюкта деп эсептейт.

«Пенсия курагын жогорулатуу мүмкүн эмес — бул социалдык толкундоолорго алып келет жана жакшы учур келгенге чейин өзгөртүүлөрдү кичинеден жасоо керек. Ошол эле маалда ишкерлер жана жумушчулар Социалдык фондго болгон төгүмдөр жогору экенине нааразы болушуп, социалдык төгүмдөргө болбогон эле тыйын карматып, жада калса каттоосуз эле эмгек акыларын төлөп берип жатышат. Мындай уланта берүүгө болбойт», — деп санайт саясатчы.

Дастан Бекешев төмөнкү өзгөртүүлөрдү сунуштайт:

  • киреше салыгын жоюп аны социалдык төгүмдөр менен айкалыштыруу менен кирешенин 15%ын социалдык салыкка өткөрүү;
  • киреше салыгынан бошотууну, жеңилдик берүүлөрдү кыскартуу жана жеңилдик алгандарды социалдык төгүмдөрдөн кыскартуу;
  • киреше салыгынан кээ бир төүмдөрдү алып салуу;
  • патенттен баш тартууга туура келет жана анын ордуна жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кирешенин 15% төөлөө мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • «Баары төлөйт» принцибин колдонуп, Социалдык фонго чегерүүдөн бошотууну алып салуу;
  • 15% социалдык салыктын 5%ы киреше салыгына, 2,5%ы топтоо бөлүгүнө, 2,5% медициналык камсыздандырууга жана дагы 5%ы пенсиалык фондго кетет.

Юристтер Салык кодекси боюнча суроолорго жооп берген Телеграм-бот иштеп чыгышты

Салык кызматы: Ыктыярдуу патент жарым-жартылай, милдеттүүсү толугу менен жоюулат