Баткенде облустук администрациянын аппарат жетекчиси блогерди урганын четке кагууда

Ураимов жана Жолболдуеванын көгөрүп калган бети.

6-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов билдирүү жасап, блогер Батмакан Жолболдуеваны «урбаганын» айтты.

Аткаминер өз сөзүндө блогер Жолболдуеваны «коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат» деп айыптады.

Анын айтымында, Жолболдуева «расмий ЖМК өкүлү эмес», ошол себептен жыйынга киргизилген жок. Ал «акимчиликке расмий маалымат каражаттары чакырылганын түшүндүрүүгө болгон аракетим негативдүү кабыл алынып, чагымчыл мамиле жасалды» деп кошумчалады.

«Бул эжеке өзүн коомчулукка “журналистмин” деп тааныштырууга аракет кылууда. Бирок бир да ЖМКнын өкүлү эмес. Журналист деген макамы жок, андыктан расмий жыйындарга чакырылбай калганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мен учурдан пайдаланып кээ бир ЖМКларды, жеке жарандарды, соцтармактардын колдонуучуларын окуянын чоо-жайын билбей туруп бир тараптуу маалымат таратуудан карманып турсаңыздар деп өтүнөт элем», — дейт ал.

Ошондой эле Ураимов тасманын тартылбай калган бөлүгүндө Жолболдуева «аны муштап, кийимдерин тытмалап, жеке аброюна шек келтиргенин» айтты.

Эки фракциянын жыйыны, блогердин «сабалышы»

5-февралда жергиликтүү блогер Батмакан Жолболдуева «Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын Лейлек районунун Исфана шаарындагы көчмө жыйынына катышуу үчүн барган. Бул учурда ал түз эфирде болгон.

Ал жыйындар өтүүчү кабинетке киргенде обладминистрациянын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов аны «расмий журналист эмессиң» деп чыгарып салган.

Ураимов жана Жолболдуева коридорго чыгып тартыша кетишкен. Андан соң аппарат жетекчиси блогерди чаап салган. Ал убакта түз эфир токтоп калган.

Кийинчерээк ал түз эфирди улантып, чиновник аны «урганын» жана «чачынан сүйрөгөнүн» айткан.

«Урду, телефонумду алып ыргытып жибергенинен сиздерге көрсөтө албай калдым», — деген ал.

Блогер ачууланып чиновниктен «эмне үчүн урганын» сураганда ал милиционерлерге аялды чыгаруп салууну буюрган. Кийинчерээк Ураимов блогерге «эшикке чыгып сүйлөшүүнү» сунуштаган.

Экөө чыгып баратканда жыйынга келген айрым депутаттар менен кезигип калышкан. Блогер аларга аппарат жетекчиси аны урганын айткан, бирок эч кимиси көңүл бурган эмес.

Жолболдуева чиновниктен бир нече жолу эмне үчүн урганын сураган. Ураимов блогерге «өзү да урганын» айтып жооп кайтарган.

«Мен элдин көйгөйүн айтам деп келип келтек жейминби? Эмнеге мени урдуңуз? Мен атайын Баткенден келдим, ызы-чуу кылбадым эле. Сен ургандан кийин ызы-чуу кылдым», — деген ал.

Имараттан сыртка чыккан соң Ураимов өзү кайра кирип, эшикти жаап алган. Ал эми Жолболдуева кеткенге аргасыз болгон.

Баткен ОИИБден окуя боюнча териштирүүнү башталганын билдиришкен. Ошондой эле тиешелүү соттук-медэкспертиза дайындалганын айтышкан. Учурда Жолболдуева ооруканада дарыланып жатат.

Ал эми Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» эгер Ураимовдун күнөөсү далилденсе гана ага чара көрүлөрүн билдиришти.

Жолболдуева ким?

Батмакан Жолболдуева «Элдик көзөмөл Батма-Бат» коомдук бирикмесинин жетекчиси. Ал YouTube’да 34 миңден ашуун катталуучусу бар «Батма-Бат» каналын иштетет.

Блогер аймактагы ашкана, дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерет. Текшерүү учурундагы видеолорду каналына жарыялайт.

Ошондой эле ал чек ара айылдарындагы элдин арыз-муңун жарыялап турат.

Мындан сырткары Жолболдуева апрелдин аягындагы чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундарга ыктыярчы болуп жардам берип жүргөн.

«Ынтымак» жана «Ишеним» фракциялары 5-февралда Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүштү.

Активисттердин айтымында, жыйын жабык өткөн. Ошондой эле жыйынга катышып, арыз-муңун айтууну каалаган чек ара жаңжалынан жабыркаган тургундар киргизилген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде аткаминер блогер-журналистти «муштаганы» боюнча териштирүү башталды