Кыргыз-тажик чек арасы: Топографиялык жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу 10-февралда башталат

Кыргызстандын аймагында 10-15-февраль күндөрү кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу «Клоопко» минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз тараптын топографиялык жумушчу тобун министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан эки тараптын өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобу 2021-жылдын 1-майынан бери мамлекеттик чек аранын 81 километрден ашык тилкесин аныктап чыкканын белгилешти.

Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасын тактоодо 1924-1927 жана 1989-жылдардагы документтер колдонуларын кошумчалашты.

Буга чейин Sputnik Тажикстан басылмасы Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзодага таянуу менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия 7-февралда ишин баштай турганын жазган.

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин №39 протоколду кабыл алган. Протоколдо Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырган альтерналивдүү жол куруу каралган. Ал эми Баткен облусунун Баткен районунун тургундары аталган жолдун курулушуна каршы. Алар бийликтен протоколду жокко чыгарууну талап кылып келишет.

2021-жылдын майы айынын башында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Ворухка коридор берилбей турганын», ал эми жолдун статусу мамлекеттик келишимдин негизинде аныкталат деп айтууда.

Тема боюнча: «Катастрофа жана жол берилгис нерсе». Саясат талдоочу Айданбек Акматов Ворухка жол куруу тууралуу

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилбеген көйгөйү

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактардын азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.

Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет.

Кыргыз-тажик чек арасында чектеш жашаган тургундары арасында чыр-чатак жер, жайыт, суу талаштан улам такай чыгып турат. 2019-жылы да июль айында чыр чыгып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмон жаңжал болгон аймакта жолуккан.

Кыргыз бийлиги жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Андан кийинки Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ири куралдуу жаңжал 28-апрелде башталып 1-майга чейин уланган. Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытып, кийин ок атуу башталган. Буга «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында иш жүргүзүү себеп болгон. Ок атууну биротоло токтотуу макулдашуусу 1-майда өкмөттүк делегациялар сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жетишилген.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашуун адам түрдүү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 жаран каза таап, 80ден ашык киши жарадар болгон.

Ал эми 2022-жылы 27-январда Баткен районунун кыргыз-тажик чек арасына чектеш аймактарда кайрадан чыр чыккан. Алгач саат 17:50дөрдө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары келип, таштар менен Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Тажик чек арачылары болсо жаңжалды «кыргыз тарап ырбатты» деп билдирген.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы окту биринчи болуп тажик аскерлери чыгарды деп маалымдаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары бул маалыматты четке кагып, «жаңжалдын чыгышына кыргыз тарап күнөөлүү» деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан миномёт жана гранатомёт менен ок атканын кабарлаган. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарап учкучсуз учуучу учактарды колдонуп «Тажикстандын аба мейкиндигин бузду» деп билдиришкен.

Кыргыз бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда келтирилген материалдык чыгым 3 миллион сомду түзгөнүн кабарлады. Чек арадагы ок атышууда эки сарай өрттөлүп, бир нече турак жай жана эки унаа талкаланган. Ошондой эле бодо мал уурдалган фактылар катталган.

Ал эми Тажикстандын Исфара шаарынын мэриясы жаңжалдын чыгымы 1,5 млн сомони (болжол менен 133 000 доллар) түзгөнүн кабарлады. Тажик бийлиги чырда 52 турак жай жараксыз абалга келгенин белгилеген.

Дагы окуңуз:

Баткендин тургундары Ворух анклавына жол курууга каршы митинг өткөрдү

Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты