Салык кызматы: Өткөн жылы жарандардын кайрылуусунун негизинде 60 кызматкер жазаланды

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы 2021-жылы жарандардын кайрылуусунун негизинде ведомствонун 60 кызматкери жазаланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматына 2021 жылы 220 кайрылуу түшүп, 77 арызда салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттери тууралуу айтылган.

«Жалпы 60 кызматкер жазаланды. Экөө кызматынан төмөндөтүлсө, бирөө иштен бошотулду. Ал эми 32 кызматкерге катуу сөгүш, 15не сөгүш, бешөөнө эскертүү берилди. Дагы бешөө башка ишке которулду. Ал эми эки адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү», — деп айтылат ведомство тараткан билдирүүдө.

Аны менен катар, салык кызматы 162 кайрылуу электрондук почта аркылуу келсе, 22 адам ишеним телефону аркылуу байланышка чыкканын белгилеп, ар бир кайрылуу мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттө каралганын кошумчалады.

«Кызматтык текшерүүнүн негизинде, арыз-даттануулардын 38инде көрсөтүлгөн фактылар тастыкталган эмес. Ал эми 33 арыздын фактысы толук аныкталса, алты арызда жарым-жартылай аныкталган», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Аны менен катар, салык мыйзамын бузуу боюнча 12 кайрылуу текшерилип, анын экөө толук, бешөө жарым-жартылай тастыкталган. Алты кайрылууда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган эмес, бир арыз эске алынган.

Өткөн жылы декабрь айында УКМК Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт министрлигинин бир нече кызматкерин «коррупцияга» шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясына боюнча, шектүүлөр Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн керектөөчү товарларды алып кирүүдө коррупциялык схеманы жолго коюшкан — алар товарларды тоскоолдуксуз өткөрүп бергендиги үчүн акча алып турушкан, бул өз кезегинде өлкө казынасына зыян алып келген.

Тинтүү учурунда салык кызматынын инспекторунун биринин унаасынан 114 300 сом өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган. УКМК иликтөө иштери уланарын убадалаган.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Салык кызматы менен транспорт министрлигинин аткаминерлери коррупцияга шектелип кармалды

Салык кызматы бюджеттин кирешесин жасалма көбөйткөн — Башкы прокуратура