«Кыздарыңды ойло». Блогер Батмакан Жолболдуева коркутууга кабылганын айтты

Скрин Батмакан Жолболдуеванын видеосунан алынды

Президенттин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси ага кол көтөргөнүн айтып чыккан блогер Батмакан Жолболдуева 7-февралда видеокайрылуу жасап, коркутууларга кабылганын билдирди. Жолболдуеванын айтымында, ага Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Буркановдун* аялы чалып, «кыздарыңды ойло» деп айткан.

*Нурлан Буркановдун бир тууганы Арзыбек Бурканов өлкө башчы Садыр Жапаровдун жакын адамы болуп эсептелет. Депутат Жанар Акаевдин айтымында, Арзыбек Бурканов Жогорку Кеңешке өткөн «Ишеним» партиясынын «ээси».

«Менин балдарымды эмнеге бул жака алып келип жатасың, аларда эмне күнөө? Мени менен сүйлөшсөңөр, кыздарымды ойлобосом сен аларды өлтүрөсүңбү? Мен сенден коркпойм», — деди Жолболдуева өзүнүн видеокайрылуусунда.

Ошондой эле Жолболдуева ага кол көтөргөн Алихан Ураимов Арзыбек Буркановдун тууганы экенин билдирди.

Ал эми Ураимов тууганчылык байланыштарды четке кагып, тергөө жүрүп жатканына байланыштуу комментарий бере албастыгын айтты.

8-февралда Акыйкатчы институту Жолболдуева менен Ураимовдун чыры мекеменин көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Эки фракциянын жыйыны, блогердин «сабалышы»

5-февралда жергиликтүү блогер Батмакан Жолболдуева «Ишеним» жана «Ынтымак» фракцияларынын Лейлек районунун Исфана шаарындагы көчмө жыйынына катышуу үчүн барган. Бул учурда ал түз эфирде болгон.

Ал жыйындар өтүүчү кабинетке киргенде обладминистрациянын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов аны «расмий журналист эмессиң» деп чыгарып салган.

Ураимов жана Жолболдуева коридорго чыгып тартыша кетишкен. Андан соң аппарат жетекчиси блогерди чаап салган. Ал убакта түз эфир токтоп калган.

Кийинчерээк ал түз эфирди улантып, чиновник аны «урганын» жана «чачынан сүйрөгөнүн» айткан.

«Урду, телефонумду алып ыргытып жибергенинен сиздерге көрсөтө албай калдым», — деген ал.

Блогер ачууланып чиновниктен «эмне үчүн урганын» сураганда ал милиционерлерге аялды чыгаруп салууну буюрган. Кийинчерээк Ураимов блогерге «эшикке чыгып сүйлөшүүнү» сунуштаган.

Экөө чыгып баратканда жыйынга келген айрым депутаттар менен кезигип калышкан. Блогер аларга аппарат жетекчиси аны урганын айткан, бирок эч кимиси көңүл бурган эмес.

Жолболдуева чиновниктен бир нече жолу эмне үчүн урганын сураган. Ураимов блогерге «өзү да урганын» айтып жооп кайтарган.

«Мен элдин көйгөйүн айтам деп келип келтек жейминби? Эмнеге мени урдуңуз? Мен атайын Баткенден келдим, ызы-чуу кылбадым эле. Сен ургандан кийин ызы-чуу кылдым», — деген ал.

Имараттан сыртка чыккан соң Ураимов өзү кайра кирип, эшикти жаап алган. Ал эми Жолболдуева кеткенге аргасыз болгон.

Көп өтпөй Ураимов кол салуу болгонун четке кагып, Жолболдуеваны «коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат» деп айыптаган. Ошондой эле Ураимов блогер ага «чагымчыл аракеттерди жасаганын» жана «аны муштап, кийимдерин тытмалап, жеке аброюна шек келтиргенин» кошумчалаган.

Баткен ОИИБден окуя боюнча териштирүүнү башталганын билдиришкен. Ошондой эле тиешелүү соттук-медэкспертиза дайындалганын айтышкан. Учурда Жолболдуева ооруканада дарыланып жатат.

Ал эми Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» эгер Ураимовдун күнөөсү далилденсе гана ага чара көрүлөрүн билдиришкен.