Адвокат: УКМК Ураимовду «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» шектеп жатат

Мирлан Ураимов

Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун адвокаты Юлия Богданова УКМК аны «соцтармактарда комментарий калтырып, бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жасоого» шектеп кармаганын билдирди. Ураимов атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ураимов 8-февралда саат 19:00 чамасында кармалган. Андан соң анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарланган.

Богданованын айтымында, атайын кызмат Ураимов жазды делген комментарийди экспертизага жиберип, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар болгонун» аныктаган. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгиледи.

«Ураимов комментарийди ал жазбаганын айтууда. Ал мындай нерселерге жол бермек эмес. Ал биринчиден мындай нерселерге чакырык жасаган эмес, экинчиден эч кимдин атын так атаган эмес», — деди Богданова.

Адвокат Ураимовго байланыштуу протоколдо Орозайм Нарматованын диплому тууралуу иштен сырткары, «Бүтүн Кыргызстандын» лидери, депутат Адахан Мадумаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ысымдары да жазылганын кошумчалады.

Ошондой эле ал «сөз эркиндиги иш жүзүндө эркин эместигин» айтып, мыйзам боюнча ар бир жаран бийликти сындоого укугу бар экенин белгиледи.

«Бийлик эл тарабынан шайланат, эмнеге биз аларга нааразычылыгыбызды билдире албайбыз? Албетте, бийликти күч менен басып алууга чакыруу туура эмес чечим, бирок нааразылыкты айтууга ар бирибиздин укугубуз бар. Мен адвокат катары бул үчүн камакка алууну туура эмес деп эсептеймин», — деди ал.

Ал эми Ураимовдун тарапташтарынын бири анын кармалышын «саясий буюртма» деп атады. Ошондой эле ал бийликти сындаган бир катар саясатчылар кармалганын белгилеп, муну «бийликтин алсыздыгы» деп атады.

«Оппозиция бийликке каршы сын айтып койсо эле бардыгын камап, коркутканы — бул бийликтин алсыздыгы», — деди ал.

Мирлан Ураимовдун кармалышы

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 8-февралда үйүнөн УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошондой эле күч органдары Ураимовдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, анын жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

Активисттин жубайы тинтүү тууралуу протоколдо «Орозайым Нарматованын иши боюнча» деп жазылганын белгилеген. Бирок ал Нарматованын дипломуна Ураимовдун кандай тиешеси бар экенин түшүнбөй жатканын айткан. Анын пикиринде, мындай аракеттер менен бийликтегилер «жаш балдарды сындырып жатышат».

Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова да Фейсбукта пост жарыялады. Ал сөзүн «Ураимовго мындан бир нече күн мурда УКМКнын балдары эскертүү беримиш болуп, коркутууга аракет кылганын мага айтты эле» деп баштаган.

Нарматова партиялашын «көзгө басар, эң активдүү мүчөсү» деп сыпаттап, «биз, акыйкат үчүн күрөшкөн жарандар акыйкат үчүн сынбайбыз» деди.

«Мирлан мырза шайлоочулардын укугу, миграция көйгөйү, Баткен маселеси, Кемпир-Абад жана толгон-токой оор учурларда башын байлап коюп, жеке амбиция, ар кандай кызыкчылыктан баш тартып, чырылдап чуркап жүргөн кыргыздын ак жүрөк мырзасы!» — деди Нарматова.

Ураимов коомчулукта «Кемпир-Абад» суу сактагычынын плотинасынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист катары белгилүү.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү кармалды. Анын тарапташтары УКМКнын алдында топтолушту

Ташиев: «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз, болду!

«“Дежур” каналдар». Куршабда тургундар менен «Региондун» мурдагы журналисти чырдаша кетти