Курманкул Зулушев Kaktus.media’га каршы козголгон ишти «сөз эркиндигин чектөө» деп эсептебейт

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Kaktus.media басылмасына каршы козголгон кылмыш ишти «сөз эркиндигин чектөө» деп эсептебейт. Бул тууралуу ал 9-февралдагы маалымат жыйында билдирди.

Зулушев басылмага карата кылмыш ишти Биринчи май райондук прокуратурасы козгогонун, тергөөнү Бишкек шаарынын прокуратурасы жүргүзүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, Kaktus.media’нын макаласы боюнча экпертиза дайындалган, бирок жыйынтыгы чыга элек.

«Өзүңүздөр билесиздер эки мамлекеттин ортосундагы чек ара боюнча олуттуу көйгөй бар. Журналистпи, жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби — бул маселелер, жалпы мыйзам бузуу боюнча бирдей жооп бериши керек. А эми эгерде Kaktus.media сыяктуу басылманын журналисттеринин аракеттерине баа берсек эле “сөз эркиндигин чектөө” деген, мен ойлойм, бул негизи туура эмес да. Бизде сөз эркиндигин чектейин деген ойдо да болгон жок», — деди Зулушев.

Анткен менен Зулушев экспертизанын жыйынтыгы кылмыштын белгиси бар экенин аныктаса, басылма жоопкерчиликке тартылат деп белгиледи.

Сөз кайсы макала тууралуу болуп жатат?

Kaktus.media кыргыз-тажик чек арасында 27-28-январларда болгон куралдуу жаңжал боюнча Тажикстандын ASIA-Plus басылмасына таянып, тажик жарандарынын жаңжал боюнча көз карашын жазып чыккан. Бирок ага чейин, андан кийин да Кыргызстандын бийлигинин позициясын да чагылдырган.

Анткен менен бул макала айрым жарандардын арасында нааразычлык жараткан. Мындан улам басылма билдирүү жарыялап, окурмандарынан кечирим сураган.

«Бул публикациянын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген.

Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз.

Бирок Тажикстандын ММКлары маалыматтык согушту уттуруп жибербөө максатында кандай маалыматты таратып жаткандыгын бардыгыбыз билүүбүз кажет деген пикирдебиз. Kaktus.media редакциясы ар дайым кыргыз элини кызыкчылыгын коргоп келген жана мындан ары да коргойт», — деп жазылат кайрылууда.

Ал эми 2-февралда прокуратура басылмага карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Буга карабастан 28-январда Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында 20га чукул киши митингге чыгышкан. Алар басылма кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды «бир тараптуу чагылдырды» деп айыптаган. Митингчилердин арасында иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында «чагымчылдык кылгандар» да болгон.

Ал эми 9-февралда Kaktus.media жана «Клооптун» кеңселеринин алдында экс-депутат Турсунбай Бакир уулу жетектеген 15ге чукул киши кайрадан митинг өткөрүшкөн. Алар бир катар көз карандысыз ЖМКларды «чет элдик агент» катары таанууну талап кылышты. Митингге чыккандардын арасында экс-бажычы, коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Райымбек Матраимовдун да тарапташтары болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында митинг өтүп жатат