Кара-Суу: 8-класстын окуучусун сабаган мектеп директоруна кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу района караштуу Кашкар-Кыштак айылындагы №83 Алишер Навои мектебинин 8-классынын окуучусун сабаган директорго иш козголду. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз кызматы 9-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучуга карата жасалган соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү чыккан. Анын натыйжасында денеге «анча оор эмес жаракат» келтирилгендиги аныкталган.

Кара-Суу РИИБи окуяны кылмыштардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен каттады. Кылмышка мектеп директору шектелип жатат.

Окуя кандай болгон?

28-января милицияга Кашкар-Кыштак айыл аймагынын тургуну кайрылып, №83 Алишер Навои мектебинин директору анын 15 жаштагы баласын сабаганын билдирген. Ош ОИИБден окуя 26-январда саат 12:30дарда болгонун жана директор дене тарбия мугалими болуп иштегенин маалымдашкан.

Териштирүү маалында «Т.А.» атуу жабырлануучу милицияга ал «дене тарбия мугалимине буттары ооруп, сабакка катыша албастыгын айтканда, мугалим аны сабап салганын» айтып берген. Жабырлануучу аны классташтары үйүнө жеткизип барганын кошумчалаган. Кийин окуучунун сол бутунун тизе тушу сынганы билинген.

Бирок жабырлануучунун жакындары милиция бул ишти «жаап салууга аракет кылып жатат» деп эсептеген. Алар окуучуну сабоого шектелген мугалим «ортого туугандарын салып» экинчи тарап менен жарашууга аракет жасаганын айтышкан.

«Милиция да бул ишти башка жеңил берене менен каттап жатыптыр. Биз эми башка балдардан да кооптонуудабыз. Директорго мыйзам чегинде чара көрүп, кызмат ордун да караш керек. Ал башка окуучуларды да дене тарбия сабагында ашыкча кыйнайт экен», — деп өспүрүмдүн жакындары «Турмуш» басылмасына айтып берген.

Кийин директор окуучунун ата-энеси милицияга кайрылгандан кийин өз каалоосу менен кызматынан бошоп кеткени кабарланган.

Редактору: Элдияр Бакиров, Дилде Шатанова