Ош: «Кыргызстан» кинотеатрына маркум Рахман Разыковдун ысымы ыйгарылды

Рахман Разыков

Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрына белгилүү куудул, сатирик, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыковдун ысымы берилди. Разыков 2021-жылы июнь айында 66 жаш курагында коронавирустан каза болгон.

Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары 10-февралдагы жыйынында кабыл алышты. Маалыматка ылайык, 31 депутат бул сунушка «макул» болгон, ал эми үчөө «каршы» деп добуш берген.

Рахман Разыков

Рахман Разыков элдин сүймөнчүгүнө айланган куудул, сатирик болгон. Көбүнчө өлкөдөгү көйгөйлөрдү, бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерин сатира менен чагылдырып келген

«Чоңдор түшүнбөсө көбүрөөк, ачуураак айталы деп баштадык. Коомдогу көйгөйлөрдү айтыш керек да. Бүгүн коомдо "ооруп" жаткан саясат болгондуктан тамашанын көбү саясатка арналып жатат [...] Сындабайын десем саясатчыларды карап отуруп, айла жоктон сатира жазууга туура келүүдө», — деген эле Разыков интервьюларынын биринде.

Ал эми өткөн жылдын башында ал «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» концертине бийлик бут тосуп, УКМК бул боюнча аларды суракка да алганын айтып чыккан эле.

Ал «Бешилик», «Беш кемпир», «Беш тапан», «Таң жылдызы» топторун түзүп, бир канча таланттуу жаштарды тарбиялап чоң сахнага алып чыккан.

Мындан сырткары Разыков саясий көз карашын да активдүү билдирип турчу. Бир канча жолу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, акыркы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен барган.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков акыркы сапарга узатылды