Садыр Жапаров академик Сабырбек Жумабековду кабыл алды

Садыр Жапаров / Сабырбек Жумабеков

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жамааты жана анын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков 11-февралда президент Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу Жумабеков Kaktus.media басылмасына курган маегинде билдирди.

«Президент бизди жакшы кабыл алды, бардык аргументтерди жана далилдерди угуп чыкты. Кандай чечим кабыл алганын кийинчерээк угабыз. Кандай болорун мен дагы билбейм. Бирок биздин жамаат чечим адилеттүү болот деп ишенебиз», — деди Жумабеков.

Ошондой эле академик өлкө башчы «бул маселени терең изилдеп чыгууну көздөп жатат» деп божомолдоп, «президенттин чечимин аткарабыз» деп кошумчалады.

Жумабековдун кызматтан алынуусу

2-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кактус» басылмасына маек куруп, Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборун «менчиктештирип», туугандарын жана жакын тааныштарын жумушка коюп алганын айтып сындаган.

Ошондой эле, министр Сабырбек Жумабековго кызматтан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштаганын билдирген.

«Жумабековдон “сизди директор кылып ким дайындады? деп сурадым. Аны [ошол кезде Бишкек шаарынын мэри болгон] Иса Өмүркулов дайындаган экен. Ошондон кийин өзүн директор кылып койгон экен. Орун басарларды, бөлүм башчыларды өзү дайындайт экен. Мен айтам: “кимге отчёт бересиң, өзүңдү кызматка койгондон кийин өзүңдү иштен ал”. Саламаттык сактоо министри катары мен сени кызматтан ала албайм, анткени мен дайындаган эмесмин», — деп Жумабеков менен болгон сүйлөшүүсүн ачыктаган министр.

Анын эртеси күнү, 3-февралда, Жумабеков Бейшеналиевдин сөздөрүн «жалган жалаа» деп атап, министр «негизсиз күнөө коюп жатат» деп айыптаган.

«Жакында эле министр тарабынан мага дагы катуу сөздөр айтылды. Эки күн мен үн каткан жокмун, ал адамдын өзү менен дагы жолукканга аракет кылдым. Бирок мага жолуккусу дагы келген жок. Бул оорукана меники эмес мамлекеттики. Бул жердин бир дагы мыгы меники эмес», — деген ал.

Ошондой эле, ал илим-изилдөө борбору бозгун президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 2004-жылы түзүлгөнүн айткан. Ошол эле жылы Бишкек шаарынын мэри жана шаардык кеңеш аны директор кылып шайлаган.

Ал эми Бишкектин мэриясы 2017-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен келишим түзгөнүн, ага ылайык Травматология жана ортопедия илимий борбору министрликтин карамагына өткөрүлгөнүн билдирген.

Жумабеков бул боюнча президент Садыр Жапаровго дагы кайрылып, кызматтан кеткенге даяр экенин белгилеп, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын кошумчалаган.

Буга карабастан 4-февралда Бейшеналиев Жумабековду кызматтан алып, Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун базасында клиникалык тез жардам ооруканасын ачуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ал эми оорукананын башчылыгына Гүлия Кожакматова дайындалган.

Анткен менен Сабырбек Жумабеков баш болгон борбордун кызматкерлери жана бейтаптар жаңы дайындалган Гүлия Кожакматова жана министрликтин өкүлдөрүн изилдөө борбордун имаратына киргизишкен эмес. Анда Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн келишин «рейдерлик басып алуу» деп сыпаттаган.

Ошондой эле Жумабеков «эгерде президент “кет” десе, кетип калам» деп айткан.

Ошондой эле Жумабеков медициналык мекеменин уставына ылайык, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчисин Бишкек шаарынын мэри дайындай турганын айткан. Ал министрдин аракети «мыйзамсыз» жана «өзүм билемдик» болгонун белгилеген.

Ал эми 5-январда Саламаттык сактоо министрлигинын алдында 500гө чукул киши митингге чыгып, Алымкадыр Бейшениалиевдин отставкасын талап кылган. Митингидин кашытуучулары резолюция түзүп, аны президентке жөнөтүшкөн. Алар эгерде президент өз мөөнөтүндө жооп бербесе, кайрадан митингге чыгарын эскертишкен.

Тема боюнча:

«Абадан оорукана жасаган». Реформанын айынан Бейшеналиев менен Жумабеков чырдаша кетти

«Президент кет десе, кетип калам». Жумабеков 5-февралда дарыгерлер митингге чыгарын билдирди

«Аконит кетсин!» Бишкекте 500дөн ашуун киши Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылды