«Жабыркаган Кыргызстандын жараны». Орусияда мектеп окуучуларынын бири экинчисин бычак менен сайып салды

11-февралда Орусиянын басылмалары Москванын жанындагы Мытищи шаарында мектеп окуучуларынын ортосунда чыр чыгып, алардын бири экинчисин бычак менен сайып салганын жазып чыкты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы жабыркаган 13 жаштагы бала Кыргызстандын жараны экенин тастыктады.

Маалыматка ылайык, мектептердин биринде 6-класстагы эки окуучунун ортосунда чыр чыккан. Алардын бири экинчисине адепсиз сөздөр менен кайрылганда, экинчиси аны сол далыга бычак менен сайып жиберген.

«Учурда кыргызстандык бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өспүрүмдүн апасы анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин айтты», — деп жазылат билдирүүдө.

Элчиликтин басма сөз кызматы Москва райондук укук коргоо органдары окуянын келип чыгуу себептерин аныктап жатканын кошумчалады.

Ошондой эле элчилик бул ишти тыкыр көзөмөлгө алууну убадалады.

Өткөн жылдын 1-апрелинен тартып Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуунун жаңы эрежелери кирген. Ага ылайык, мындан ары мектеп администрациясы балдардын каттоосун ИИМ базасы аркылуу аныктап, бала Орусиянын аймагында жүрүүгө укугу бар-жогун чечет.

Ал эми 2021-жылдын 12-апрелинде Владимир Путин Орусиядагы мектептерде окуган мигранттардын балдарынын саны жалпы окуучулардын белгилүү бир пайызынан ашпашы керек экенин билдирген.

Путин өз сунушун «мигранттардын балдары үчүн да пайдалуу болот», «орусиялык үй-бүлөлөрдүн да тынчын албайт» деп негиздеген.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январь айынан июнга чейин өлкөдөгү миграциялык каттоодо болжол менен 380 миң Кыргызстандын жараны болгон. Аны менен катар Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге чукул. Мигранттардын балдары менен ата-энелерин эске алганда алардын жалпы саны миллиондон ашат.

Негизги беттеги иллюстративдик сүрөт.