Орусия: Мигранттарга орус тилинен экзамен тапшыруунун жаңы эрежелери киргизилди

Орусия мигранттар үчүн орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча экзамен тапшыруунун жаңы эрежелерин киргизди. Экзамен жазуу жүзүндө болот. Ал эми Орусияда көп убакытка калууну каалагандар орус тилинде баарлашуу жөндөмүн көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Орусиянын «Парламент газетасы» жазды.

Маалыматка ылайык, Мигранттардын билимин текшерүүнүн жаңы тартиби 1-августтан тартып күчүнө кирди. Экзаменден өткөнү тууралуу күбөлүгү жок патент алууга, убактылуу жашоого жана жашоо түрүнө уруксат берилбейт.

Ал эми тесттин баасы жана андагы тапшырманын татаалдыгы чет өлкөлүктүн Орусияга келген максатына жараша болот.

«Патент же иштөөгө уруксат алгысы келгендер үчүн тесттин баасы 3800 рублдан, ал эми убактылуу жашоого жана жашоо түрүнө уруксат алууну каалагандар үчүн 5900 рублдан ашпайт [...] Эмгек мигранттары компьютер аркылуу жазуу жүзүндө экзамен тапшырса, өлкөдө көпкө калууну каалагандар 10 мүнөттүк оозеки баарлашууга кирет. Экзамендин бул бөлүгү видеого жаздырылат», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми мигранттар суроолордун болжолдуу жообун алдын ала биле алышат.

«Суроолор бардык өлкөнүн жарандары үчүн бирдей болот. Суроонун структурасы, мазмуну Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аныкталат. Суроолор жыл сайын жаңыртылып турат. Ал эми экзамендерди кабыл алган ар бир уюм чет элдиктерди суроолор менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле чыр-чатактардлы териштирүү комиссиясы түзүлүп, ал жакка тесттен өтө албаган чет элдик жарандар арыз менен кайрыла алышат.

Маалыматка ылайык, майыптыгы бар мигранттардын экзамен тапшыруусуна тоскоолдук жаралбашы үчүн бардык ылайыктуу шарттар түзүлөт.

Орусяда жашоого уруксаат алгандар бир гана жолу экзаменге кирсе, калган чет элдиктер үчүн экзаменден өткөнү тууралуу күбөлүктөрдүн мөөнөтү үч жылды түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуунун жаңы эрежелери кирген. Ага ылайык, мындан ары мектеп администрациясы балдардын каттоосун ИИМ базасы аркылуу аныктап, бала Орусиянын аймагында жүрүүгө укугу бар-жогун чечет.

Ал эми 12-апрелде Владимир Путин Орусиядагы мектептерде окуган мигранттардын балдарынын саны жалпы окуучулардын белгилүү бир пайызынан ашпашы керек экенин билдирген.

Путин өз сунушун «мигранттардын балдары үчүн да пайдалуу болот», «орусиялык үй-бүлөлөрдүн да тынчын албайт» деп негиздеген.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январь айынан июнга чейин өлкөдөгү миграциялык каттоодо болжол менен 380 миң Кыргызстандын жараны болгон. Аны менен катар Орусияда туруктуу иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге чукул. Мигранттардын балдары менен ата-энелерин эске алганда алардын жалпы саны миллиондон ашат.

Тема боюнча: