Билим берүү министрлигин кайрадан Алмазбек Бейшеналиев жетектемей болду

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын милдеттери мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиевге жүктөлдү. Тиешелүү буйрукка 14-февралда президент Садыр Жапаров кол койду.

Ошондой эле, Жапаров Бейшеналиевди Бириккен улуттар уюмундагы жана Швейцариянын Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан алды.

Ал эми Болотбек Купешов кызматтан эмне себептен бошотулганы тууралуу расмий маалымат берилген жок. «Клооптун» өздүк булактары ал «ден соолугуна байланыштуу» кызматын тапшырганын билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы жетекчисин жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырып. Ал Бейшеналиевге билим берүүнүн сапатын кайра карап чыгууну тапшырды.

«Билим берүү тармагындагы маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү киргизүү. Учурдагы билим берүү программаларын кайра карап чыгуу жана сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттарды түзүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Бейшеналиев жана Купешов

Бейшеналиев буга чейин да билим берүү жана илим министри болгон — ал бул кызматты 2020-жылдын 14-октябрынан баштап 2021-жылдын 5-майына чейин аркалаган. Ага чейин Бейшеналиев Борбор Азия регионалдык институтунун директору болгон.

Көп өтпөй өлкө башчысы Бейшеналиевди Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы туруктуу өкүлү кылып дайындаган.

Бейшеналиев 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеп келген. Ошондой эле, ал 2012-жылы Польшанын Варшава шаарынын Вистула университетинде проректор кызматын аркалаган. 2013-жылдан тартып Жонс Хопкинс университетинде сабак берип келет.

Мындан сырткары, Бейшеналиев Германиянын Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын аяктаган. Кыргызстанга келип Жаш ишкерлер ассоциациясын негиздеген.

Ал эми Болотбек Купешов билим берүү министри болуп 5-майда дайындалган.

Купешов болсо 2004-жылы Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору болуп иштеген. Андан бир жылдан кийин Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Мындан сырткары, 2008-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук администрациясын башкарган. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматын аркалаган.