Бишкек мэриясы троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин маянасын 25 миң сомго чейин көтөрөт

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин маянасы 40%га жогорулайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев айдоочулардын жана техникалык кызматкерлердин ишине мониторинг жүргүзүлгөндөн кийин ушундай тапшырма берди.

Белгиленгендей, троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин орточо 25 миң сомду түзөт. Муниципалитет бул кызматкерлердин эмгегинин натыйжалуулугун жогорулатат деп ишендирүүдө.

«Айлык маянаны жогорулатуу маселеси мэр Айбек Жунушалиев Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери менен 2021-жылдын аягында жолукканда көтөрүлгөн. Анда коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч маселе экени, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы айтылган», — деп билдиришти мэриядан.

Бишкекте 1-ноябрдан тартып автобус жана троллейбустарда жол кире акысы 11 сомго көтөрүлгөн. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарифтерди жогорулатуу боюнча кабыл алган чечимди 10 жылдан бери жол кире өзгөртүлбөгөнү менен түшүндүрүшкөн. Бул аралыкта күйүүчү майдын, авто тетиктердин жана азык-түлүктүн баасы жогорулаган.

Видео: Бишкектеги троллейбус депосу кандай иштейт?