Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдө» сырткы башкаруу узартылды

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк кендеги тышкы башкаруу узартылганын билдирди. Бул тууралуу ал kaktus.media басылмасына билдирди.

«Тыштан киргизилген башкаруу автоматтык түрдө узартылат. Кечээ мен, Координациялык кеңеште үч айдын жыйынтыгы тууралуу отчёт бердим. Бирок ал жабык жыйын болгондуктан андагы маалыматтарды айта албайм. Сандар жана башка нерселер “Центерра” тараптан туура эмес интерпретацияланбашы үчүн кенен комментарий бере албайм. Бардык мамлекеттик аткаминерлерге да бул жөнүндө маалымат берүүгө чектөө коюлган. Отчёттор “Центерра” менен бир жактуу чечимге келгиче конфиденциалдуу болуп эсептелет», — деди ал «Азаттыкка».

Минкабдын башчысы Улукбек Марипов 18-майда «Кумтөрдүн» жамаатына тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырып жатат. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) төрага орун басары Медер Машиев бул боюнча 24.kg басылмасына «Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу аныкталган бузуулардын баары жоюлмайын же кенди пайдалануу укугу токтотулуп турмайын күчүндө болорун билдирди.

«Ооба, министрлер кабинетинин тышкы башкаруучу киргизүү тууралуу токтомунда мөөнөттөр көрсөтүлгөн пункт жок. Акционердик коомдор тууралуу мыйзамдын 65-1 беренесинде убактылуу тышкы башкаруучу бардыгынын тийиштүүдөй абалда сакталышын камсыз кылуусу керектиги жазылган. Ал өндүрүш коомдору тарабынан экологиялык жана башка ченемдер бузулганда дайындалат. Бузуулар жоюлмайын, же кендерди пайдалануу укугу токтотулуп турмайын иштейт», — деп билдирди Машиев.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

Кумтөр кендин айланасындагы чуу уланып жатканына бир нече ай болду.

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Октябрь райондук соту 7-майда Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды төккөнү үчүн «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга чейин бир күн мурда, 6-май күнү парламент депутаттары дароо үч окууда каалаган компанияга тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алышкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Дагы окуңуз: УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Centerra Gold кандай чара көргөн?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерек Centerra үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата отчётун жарыялаган. Анда компания Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки чыгымды 926,4 млн доллар деп баалаган.

Тема боюнча: Centerra: Кыргыз өкмөтүнүн «Кумтөрдү» басып алуусунан 1 млрд долларга жакын чыгым тарттык

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Ал эми 8-июлда Канаданын компаниясы арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун жарыялаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин чогулушуп басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.

1-июнда Centerra’нын туунду компаниялары — «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылып, банкротко учуратуу процессин баштоону суранган. 17-августта сот доо арызды карашы керек болчу, бирок Канада компаниясынын өкүлдөрү сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылганын кабарлашты.