Жапаров: Мазут чыры боюнча журналисттерге уюштурулган пресс-тур бюджеттен каржыланган

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик ишканасына пресс-турду президенттин Иш башкармалыгы уюштурганын тастыктады. Бул тууралуу ал 15-февралдагы маалымат жыйынында айтты.

«УКМКнын төрагасы [Камчыбек Ташиев] өкмөт мүчөсү жана вице-премьер. Ошондуктан пресс-тур президенттин Иш башкармалыгы жана биздин басма сөз кызмат тарабынан уюштурулду. Биз журналисттер үчүн унаа бөлүп берип, алар барып келишти. Ал жерде 18-24 миң [сом] жумшалды, муну такташ керек», — деди Жапаров.

Журналисттер үчүн «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына пресс-тур 25-январда уюштурулган. Анткени ага чейин Temirov Live командасынын Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеген «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту Ташиевдерге байланышы бар «Регион Ойл» компаниясы сатып, андан эки күндө 37 млн сом киреше тапканы тууралуу иликтөөсү чыккан.

Пресс-турга түрдүү басылмалардан 20 журналист барган, аларды Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү эки кичи автобуста алып барышкан. Журналисттер бир күн мейманканага түнөп, эки күндүк тамак-ашы да төлөнгөн. Уюштуруучулар заводго жеткенге чейин журналситтерге арак жана коньяк сунушташкан.

Журналисттер менен жолугушууда Матисаков иликтөөнү «калп» деп атап, «Регион Ойл» компаниясына «бир литр да мазут сатпаганын» айткан.

«Регион Ойл» ЖЧКсын Назгүл Айдарова башкарат. Айдарова ошол эле учурда «Жалал-Абад нефтти кайра иштетүүчү заводу» ЖЧКсында бухгалтер болуп иштейт. Аталган компанияны Казыбек Ташиев негиздеген, ал эми иш жүзүндө ишкананы Шайырбек Ташиев башкарат.

Дагы окуңуз: Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты