«15 жыл аз». Алайда сабалып өлтүрүлгөн милиционердин жакындары соттун чечимине нааразы

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Бир жыл мурда Ош облусунун Алай районунда киши колдуу болгон милиционер Нурланбек Эркуловдун жакындары 16-февралда «Акипресс-Ошто» маалымат жыйын курушту. Алар шектүүлөрдүн бирөөсү жазасыз калып, башкаларына жеңил жаза берилгенин айтып, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашты.

«15 жыл аз»

Облустук сот 14-февралда эки айыпталуучуну «Адам өлтүрүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, аларды 15 жылга абакка кескен. Маркумдун агасы Элмурат Эркулов инисин өлтүрүүгө шектелген дагы бир киши боштондукта жүргөнүн, ага тергөөдө көңүл бурулбаганын айтып нааразы болду.

«Экспертизанын жыйынтыгы иним темир менен катуу башына чапканда өлгөнүн көрсөттү. Сот отурумунда аны боштондукта жүргөн Эрназар аттуу жаран чапкандыгы белгилүү болду. Бирок ал азыркы убакка чейин сыртта боштондукта жүрөт», — деди ал.

Эркулов шектүүлөр үчүнчү кишинин бар экенин акыркы отурумда гана билдиргенин айтат. Ал ишти кайрадан тергөө боюнча сотко өтүнүч келтирген, бирок ал четке кагылган.

Ошондой эле маркумдун агасы шектүүлөр милиционерди өлтүрүүгө эмне себеп болгонун ушул күнгө чейин айтпай келишкенин белгиледи. Алар «туугандар болгондуктан» алгач бири-биринин айыбын жашырып, кийинчерээк тескерисинче бири-бирин күнөөлөштү дейт.

«Эч кимиси “мен чаап өлтүрдүм” деп айткан жок, моюнга албай жатат. Биз ошого негизги өлтүргөн адамды таап, аныктап анан өздөрүнө жараша жазасын алса деген ойдобуз», — деди ал.

Мындан сырткары Эркулов айыпталуучуларга «15 жыл абак жазасы аз экенин» айтып, өмүр бою эркинен ажыратылуусу керек эле дейт.

«Ачыгын биле албай жатабыз»

Ал эми маркумдун ата-энеси уулу спортко жакын болгонун белгилеп, аны «эки гана киши өлтүргөнүнө» ишенбейт.

«Милиционер баламды кантип өлтүрүшкөнүнө эч башым жетпей жатат. Ушунун ачыгын биле албай жатабыз. Эки бала мойнуна албаса деле эптеп 15 жылга кесип салды. Ошого нааразы болуп кайра чыктык. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүрүү эки эле адамдын колунан келмек эмес. Бул жерде топ менен өлтүргөн деп ойлоп жатам. Жашырып эч кимиси айтпай жатат», — деп ыйлады маркумдун апасы.

Эркуловдун жубайы болсо күйөөсү жумушунда жакшы ийгиликтерге жетишип, ишин так аткарып жүргөнүн белгиледи. Чогулгандар Садыр Жапаровдон жана Камчыбек Ташиевден ишти көзөмөлгө алууну суранышты. Ошондой эле алар жакын арада шаардык соттун чечимин облустук сотко даттанышаарын кошумчалашты.

«Эң жогорку жаза берилди»

Ош облустук жана шаардык сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы «Клоопко» үчүнчү шектүү тууралуу «сотто маалымат жок» деп билдирди. Ал эми 15 жылга кесүү — аларга тагылган берене боюнча эң жогорку жаза экенин айтты.

«Бизде үчүнчү шектүү боюнча эч кандай маалымат жок. Бизге тергөөдөн эки айыпталуучу менен гана иш өткөн», — деп түшүндүрдү ал.

Ош ОИИБден «Клоопко» ишти ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгы тергегенин билдиришти. Башкармалык учурда жоюлуп кеткендиктен ИИМге кайрылуу керектигин айтышты.

ИИМдин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева үчүнчү жаран тергөөдө күбө катары гана өткөнүн билдирди. Ал ишти прокуратура «мыйзамдуу» деп тапкан дейт.

«Ал эми маалымат жыйында айтылган дооматтар боюнча сот жана прокуратура органы тарабынан баа берилет», — деди ал.

32 жаштагы милиционердин киши колдуу болушу

Нурланбек Эркулов

2021-жылдын январь айында Ош облусунун Алай районунда 32 жаштагы милиционер Нурланбек Эркулов сабалып, өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Милициянын маалыматына караганда, окуя 27-январда орун алган.

Алгачкы тергөө амалдарында белгилүү болгондой кызматкер кечки саат 21:00дө жумуш убактысы бүткөн соң туулган күн белгилеп олтурган досторуна барган.

«Ал барган учурда баары спирт ичимдигин ичип отурушкан болот. Мас абалда сөз талашып мушташып кетишип, кармалган шектүүлөр көптөп маркумду сабап салышкан. Ал каза болгондон кийин кылмыш изин жашыруу үчүн денесин автоунаага салып, Гүлчө дарыясына агызып жиберишкен», — деп билдиришкен милициядан.

Милиционердин сөөгү эртеси күнү табылып, кароо жүргүзгөн учурда ур-токмоктун белгилери бар болуп, киши колдуу болгону аныкталган.

Ош ОИИБи кылмышка тийиштүү далил буюм катары милиционердин сөөгүн салып келген Nexia үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы тергөөгө өткөрүлүп берилгенин белгилеген.

Кийинчерээк аны өлтүрүүгө шектелип Алар 54, 31 жана 32 жаштагы кишилер кармалган. Шектүүлөрдүн бири буга чейин Орусияда «Каракчылык» беренеси менен соттолгону белгилүү болгон.

Материалдын үстүнөн иштегендер: Эрнисбек Масиркулов, Муслима Довурова

Редактору: Айбике Адилет кызы

Алай: милиционерди сабап өлтүрүп, сөөгүн дарыяга агызып жибергендер кармалды

Алайда сабалып өлтүрүлгөн милиционердин сөөгү жерге берилди