Өзгөндө «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимовду колдоо митинги өтүүдө

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында 18-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Ураимовду бошотууну талап кылышууда.

Митингчилер «Мирлан Ураимовго боштондук!», «Чындык эл тарапта!», «Сөз эркиндигин талап кылабыз!», «Мирлан Ураимов кыргыз эли сени менен!», «Мирлан Ураимов кыргыз жери, эли үчүн күйгөн инсан» деген транспаранттарды көтөрүп чыгышты. Ошондой эле алар «Мирлан Ураимовго боштондук» жана «Адахан Мадумаровдон колуңду тарт!» деген ураанды айтышууда.

Нааразычылык акциясына Ош жана Баткен облусунун аймактарынын тургундары келгени айтылды. Чогулгандар «Ураимов кечки саат сегизге чейин бошотулсун» деген талапты коюшту.

«Эң алгач эле ишке киришип баштаганда [«Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан] Мадумаровду* жүдөтүп башташты. Ураимовду адилетсиз кармап кетишти. Уркуя Салиева сыяктуу ак жерден түнү келип баскынчылык кылышты. Мындай жигиттерди илимин-билимин пайдалангыла буларды кармабастан. Саат сегизде Ураимовду бошотуп коюшунарды талап кылабыз», — деди митингчилердин бири.

*Башкы прокуратура Мадумаровго карата «Чыккынчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңештен уруксат сурады. Буга Мадумаров 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу кол койгон протоколу негиз болгон.

Мындан сырткары, митингчилер бийлик «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөлөрүнө «басым жасап жатат» деп эсептейт.

«Мадумаровдон колуңарды тарткыла! Кичинекей чырпыктай кызыбызды [Орозайым Нарматованы*] жулуп ыргыттыңар. Эми Ураимовго кезек келдиби? Бул жаш кадрларды иштетип, пайдаланып калгыла. “Бүтүн Кыргызстандан” колуңарды тарткыла! Мынтип жөн жатпастан өз балдарыңарды коргоп алгыла», — деди митингге катышкан Баткен облусунун тургуну.

*20-январда Боршайком Орозайым Нарматованын талапкер катары каттоосун жокко чыгарып, мандатынан ажыраткан. Буга УКМК жана билим берүү министрлигинин Нарматованын жогорку билими тууралуу берген маалыматы негиз болгон — атайын кызмат саясатчы Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) «мыйзамсыз кабыл алынган» деп эсептейт.

«Садыр [Жапаров], Камчы [Ташиев], [Курманкул] Зулушевдердин кылганы көр адамга дагы көрүнүп атат. Булардын кылганы кайталанма былыгы чыгып атат. Буларга Мадумаров “мыйзам талаасы жайылып кетип атат” деп айткан эчак эле. Бүгүн Адахан сынса кыргыз эли сынды деп коё бергиле. [Өмүрбек] Текебаев айткан жакында “Түркменстан болобуз ” деп. Элдин талабы: мыйзамды орнотуп берсе, тирилигибизди кыла беребиз деп олтурат», — деди Кара-Кулжа районунун тургуну.

Мирлан Ураимовдун кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Ураимовду 8-февралдын кечинде кармап, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

Күч органдары Ураимовдун жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

9-февралда атайын кызмат Ураимовго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Тергөөнү версиясы боюнча, Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан».

Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында Ураимов соцтармактарда «бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек» деп, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «ар кандай аттарды коюп, чакырыктарды жасаган» деп билдирген.

Зулушев кимдир бирөөнү «жамандаган үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин», бирок ошол эле учурда «жамандагандын оюнда чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо» ал киши жоопко тартылышы керектигин белгилеген.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ураимовдун кармалышы партияга карата кысым деп баалаган. Ошондой эле саясатчы УКМКга жана ИИМге кайрылып «түндө барып баса калган практиканы токтотууну» талап кылган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Мирлан Ураимовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 26-мартка чейин камакка алган. Ураимовдун жактоочулары мындай чечим менен макул болбой, беш күндүн ичинде аппеляциялык тартипте даттана турган болгон.

Автору: Самара Алимбек кызы

Редакторлор: Элдияр Бакиров, Айбике Адилет кызы