Журналист Семетей Талас уулу кармалганы айтылды. Расмий органдар маалымат бере элек

Семетей Талас уулу.

18-февралда журналист жана жарандык активист Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кеттишти. Бул тууралуу анын жубайы Айым Усубаева «Клоопко» билдирди.

«Мен жумушта болчумун, үйдө апамдар бар эле. Укук коргоо органдары келип, өзүн тааныштырбастан үйдүн баарын чачып, жолдошумдун колун кайрып кармап кетиптир. Үйдү тинтип динге байланыштуу китептерди алып чыгышкан экен», — деди ал.

Укук коргоо органдары бул боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары жана журналисттер Талас уулун бошотууну талап кылышууда.

Семетей Талас уулу журналист Фейсбук баракчасында акыркы учурларда жаңы кабыл алынган Салык кодексин сынга алып келген. Ал президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ысымдарын атап, Көзөмөл кассалык машиналарын орнотууга байланыштуу нааразычылыктарды жазып турган.

«Садыр Жапаров дагы, Акылбек Жапаров дагы элге же эфирге чыкканда товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпегендер салык да, патент да төлөбөйт деген сөздөрү калп экенин, баракчама жазышкан кичи ишкерлердин патент же болбосо салык төлөп атышканы далилдейт», — деген ал постторунун биринде.

Февралдын башында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовду УКМКнын кызматкерлери үйүнөн кармап кетишкен. Андан соң анын үйүндө тинтүү жүргөн. Активисттин жубайы түнтүү маалында анын жана кызынын телефонун, процессорду жана кагаздарды алып кетишкенин кабарлаган.

Мирлан Ураимовго «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен айып тагылып, ал 26-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 9-февралда «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында партиялашы Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча билдирүү жасаган. Ал УКМКга жана милиционерлерге кайрылып «түндө барып баса калган практиканы токтотууну» талап кылган.