Айзаданы издөөдө милициянын шалаакылыгы боюнча кылмыш иши дагы деле сотко өтө элек

Айзада Канатбекованы 2021-жылдын 5-апрелинде уурдап кетишкен. Эки күндөн кийин кыздын сөөгү табылган. Бул факт боюнча сотко чейинки бир нече өндүрүш башталган. Анын ичинде Бишкек шаардык Биринчи май райондук милиция кызматкерлеринин кызды издөөдөгү шалаакылыгы боюнча дагы кылмыш иши козголгон эле.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов милиция кызматкерлерине карата кылмыш иштери токтотулганын бир канча жолу билдирген. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасынан кылмыш иши УКМКнын кароосунда экенин айтууда.

Прокуратурада да УКМКда жок!

«Шалаакылык» беренеси боюнча Бишкектин Биринчи май РИИБнин кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш 2021-жылдын 8-апрелинде башталган. Ал эми ишти тергөө УКМКнын борбордук башкармалыгына тапшырылган.

«Клооп» Башкы прокуратура менен УКМКга кылмыш иши кайсыл баскычта экенин билүү үчүн бир нече жолу кайрылган. Мисалы, 2021-жылдын сентябрында УКМКнын басма сөз кызматы кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын билдирген.

«Клооп» акыркы сурам катын 21-январда төмөнкүдөй суроолор менен жөнөткөн:

  • Бул иш боюнча тергөө уланып жатабы?
  • Тергөө кайсыл баскычка жетти?
  • Кандай тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү?
  • Тергөө кандай алдын ала жыйынтыктарды чыгарды?
  • Эмне үчүн бул кылмыш ишин тергөө созулуп жатат?
  • Бишкек прокуратурасы бул ишти кошумча тергөө үчүн УКМКнын Бишкектеги бөлүмүнө кайра жибергенби?
  • Бул кылмыш иши боюнча кимдерге айып тагылган?

Бирок бул суроолорго ишти тергеп жаткан УКМК да, иш «өзгөчө көзөмөлдө турат» деген Башкы прокуратура да жооп берген жок.

УКМКдан бул сурам катка 11-февралда «кылмыш ишин көзөмөл тартибинде карап чыгуу үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү» деп жооп беришкен. Атайын кызматтын басма сөз борбору жогорудагы документке таянып, «Клоопту» бул маселе менен көзөмөл органдарына кайрылууну өтүнүштү.

«Клооптун» суроолоруна УКМКнын жообу. Сүрөт: «Клооп».

Борбор калаанын прокуратурасы 21-февралда кылмыш иши УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө тергөө этабында деп билдиришти. Анан кайра эле бул маселе боюнча атайын кызматка кайрылууну өтүнүштү.

Ишти атайылап созуп жатышабы?

Токтатунов милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш ишин иликтөөнү бир айда бүтүрсө болот эле, «анткени шектүүлөрдү издөөнүн кажети жок»деп белгилеген.

«Бул жерде конкреттүү түрдө кызмат адамдары [...] [Тергөөчүлөр] [кызматтагы адамдар мыйзам боюнча] кандай аракеттерди көрүшү керек болчу жана [иш жүзүндө] кандай чараларга барышты салыштырат. Анан — шалаакылык боюнча иш козголот. Бул бир айда бүтө турган иш, алар болсо [9 айдан бери] тергеп жатышат», — деген эле Токтакунов 19-январда «Клоопко» берген интервьюсунда.

Мындан тышкары, жактоочунун айтымында шалаакылык боюнча иш атайлап сотко өткөрүлбөй жатат. Анткени анда Канатбекованы издөөдөн тартып, борбордук прокуратуранын жана УКМКнын жетекчилери кол койгон «бир топ жасалма буйруктар бар». Ал ишти Бишкектин прокуратурасы созуктуруп жатат деп билдирген.

«[Бул буйруктардын биринде] 6-апрелде тактап айтканда [Айзада Канатбекова] уурдалган күндүн эртеси Бишкек прокуратурасынан бул ишти өз көзөмөлүнө алып, тергөө иштерин тез арада баштоо тапшырмасын бергенбиз деп жатышат. Бул фальсификация, ошондуктан да прокуратура [милициянын шалаакылыгы боюнча] иште айып коюга каршы болуп кармап жатат», — деген Токтакунов.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, «алар "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Туркияга билет да алып койгон.

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөткөн жана укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Нааразылыкка чыккандар 8-апрелде Бишкекте ИИМдин имаратынын алдына чогулган. Сүрөт: Айдай Токоева/Клооп.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Алардын арасында Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев, анын орун басары Эрлан Атантаев, Биринчи май РИИБнин башчысы Акылбек Казакеев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.