Финансы министрлиги коммерциялык банктарга доллар сатууга тыюу салынганын төгүндөдү

Cоцтармактарда Финансы министрлиги коммерциялык банктарда доллар сатууга тыюу салганы тууралуу кабар тарады. Анткен менен министрлик бул маалыматты төгүндөп, банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу ведомствонун компетенциясына кирбей турганын белгилешти.

24-февралда Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллардын куну 94-95 сомго чыкты. Ал эми Бишкектин айрым акча алмаштыруучу жайларында АКШ доллары калбай калганы айтылууда.

«Баарын сатып жибердик, жок калды. Сурагандар көп болуп жатат», — деп билдиришти алар Sputnik.kg басылмасынын кабарчысына.

Анткен менен Улуттук банктын сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп бааланууда.

Ошол эле учурда Кыргызстанда жана дүйнөдө рубль кескин арзандап баштады. Учурда коммерциялык банктар орусиялык валютаны 70-90 тыйындан сатып алышууда.

Буга Орусиянын 24-февралга караган түнү Украинага кол салуусу себеп болду. Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазып башташкан. Украинанын Ички иштер министрлиги Киевди канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен аткылап жатканын тастыктаган.

Ал эми кол салуудан мурун 21-февралда Орусия өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «Донецк» жана «Луганск» «элдик республикаларынын» көз карандысыздыгын таанып, эртеси күнү орус парламентинин эки палатасы тең алар менен кызматташуу жана достук жөнүндө келишимдерди ратификациялаган. Федерациянын Кеңеши (парламенттин жогорку палатасы) ал жакка «тынчтык орнотуучу миссия» деген жүйөө менен орус аскерлерин киргизүүгө уруксат берген.

Кийичерээк жикчилдердин «Донецк жана Луганск эл республикаларынын» башчылары Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, Украинанын «агрессиясынан коргонуу үчүн» жардам сурашкан. Анда достук жана өз ара көмөктөшүү тууралуу Орусия менен түүгөн келишимдерди эске салышкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бүткүл аймагына аскердик режим киргизилгенин билдирди. Ал АКШнын президенти менен кабарлашканын, америкалыктар «эл аралык колдоо көрсөтө башташканын» айтты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орусиянын Украинага кол салышынын шартында рублдун куну кескин түшүп кетти