Ош: Көк бөрү боюнча мелдеште Өзгөн районунун командасы жеңишке жетти

23-февралда Ош шаарында көк бөрү мелдеши өтүп, ага сегиз команда катышты — облустун жети аймагынан жети жана калаадан бир. Бул тууралуу «Клоопко» президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, көк бөрүнүн байге фонду 280 миң сомду түзгөн. Муратбек уулунун айтымында, «кубоктун жыйынтыгы калыс каралып, женүүчүлөр татыктуу сыйланышты».

«Өтмө кубок президенттин жарлыгына ылайык өткөрүлдү. Мелдешке коюлган акчалай байгелер президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн [Зиядин Жамалдиновдун] резервдик фондунан бөлүндү» — деп билдирди Муратбек уулу.

Мелдештин жыйынтыгында:

  • 1-орунду Өзгөн районунун командасы алып, 120 миң сом;
  • 2-орунду Кара-Суу районунун командасы алып, 80 миң сом;
  • 3-орунду Кара-Кулжа районунун командасы алып, 50 миң сом; ;
  • 4-орунду Алай районунун командасы алып, 30 миң сом байгеге ээ болду.

Мындан сырткары орунга жетпей калган Чоң-Алай, Араван, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын командасына кызыктыруу үчүн 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Ошол эле күнү көк бөрүдөн сырткары 15 км аралыкка ат чабуу болуп өттү. Ат чабышка жети чабандес катышты. Анын байге фондуна 70 мин сом коюлган, биринчи орунду ноокаттык чабандес алып 40 миң сом байгеге ээ болду.

Тема боюнча:

Бир видео менен: Жалал-Абадда Чубак ажынын элесине арналып аламан улак өттү

Сүрөт баян: «Ош — Талас ынтымагы» көк бөрү мелдеши