Бир видео менен: Жалал-Абадда Чубак ажынын элесине арналып аламан улак өттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда маркум динятчы Чубак ажы Жалиловдун элесине арнылып аламан улак уюштурулду. Анда көк бөрүдөн айырмаланып ар бир катышуучу өзү үчүн ойнойт. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Басылма оюнга Кыргызстандын ар бир регионунан миңден ашык улакчы келгенин билдирди. Байгеге кичи ажылыкка жолдомо, 10 аргымак, беш унаа, беш төө, боз үй жана акчалай сыйлыктар коюлган.

Видео: АКИ TV. Чубак ажы Жалиловду эскерүү күнүндөгү аламан улак

Жалилов деген ким?

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстадын муфтийи, ал эми 2020-жылга чейин Аалымдар кеңешинин мүчөсү болгон.

Жалилов Кыргызстандагы эң таанымал диний ишмерлердин бири болгон. Анын ютубдагы «Насаат медиа» каналында эле 600 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал эми анын фейсбуктагы баракчасына 58 миңдей киши жазылган.

Жалилов Куран аяттарын жана хадистерди чечмелеп, элге жөнөкөй тил менен баяндап берчү. Анын фатва чыгарууга да уруксаты бар болчу. Ага мусулмандар шарияттан сырткары күнүмдүк турмуштук маселелери менен да кайрылып турушчу. Анын жыйындары, чогулуштары миңдеген аудиторияны чогултчу.

Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын 11-июлуна караган түнү коронавирус пневманиясынан көз жумган. Экс-муфтий менен коштошуу зыйнатына санитардык чектөөлөргө карабастан миңден ашык киши барган.

2021-жылдын июль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кичи мекени, Жалал-Абад облусуна караштуу Барпы айылында диниятчыга арнап мечит ачкан.

Тема боюнча:

«“Каяктан акча алып мечит курду” дейт». Камчыбек Ташиев Барпы айылына мечит салды

Чубак Жалилов: Эрди-катын урушуп жатат, кийлигишпейин деп басып кетүү – акмакчылык