Исфана: Жеке жактарга мыйзамсыз берилген жер муниципалдык менчикке кайтарылды

Баткен облустук прокуратурасы Лейлек районунун Исфана шаарынын мурдагы мэри Абдулмухтар Анарботоев муниципалдык менчикке таандык жерлерди жеке жактарга мыйзамсыз өткөрүп бергенин аныктады. Бул тууралуу 25-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, мурдагы мэр мамлекетке тиешелүү 3,3 гектар жерди 0,06 гектардан бөлүп 55 жаранга берген. Анарботоевга карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен иш козголуп, кийин материалдар Лейлек райондук сотуна жиберилген.

«Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен жалпы 44 млн сомдук жер тилкеси Исфана шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды», — деп белгилейт басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын декабрь айында «айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууга» айыптап «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосилов, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратов, алардын шериги жана мекеменин Кара-Көл шаары боюнча филиалынын убактылуу башчысы кармалган.

Тема боюнча:

Кара-Суудагы жерлерди мыйзамсыз сатуу: УКМК «Кадастрдын» мурдагы жетекчисин кармады