Майлуу-Сууда жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурдагы директору кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурдагы директору «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан «Клоопко» 28-февралда билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 2018-2020-жылдар аралыгында муниципалдык ишкананын кээ бир жумушчулары менен алдын ала сүйлөшүп алып, өзгөчө ири суммадагы мазут жана газды мыйзамсыз эсептен чыгарган. Атайын кызмат мамлекеттик бюджетке 56 млн 237 миң сомдон ашуун зыян келтирилген аныктады.

УКМК «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Азырыкы учурда УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти атайын кызматтан.

2021-жылдын декабрь айында Жалал-Абаддын Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын кызматкерлери 9,6 млн сомду ыйгарып алууга шектелип кармалышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр Ноокендеги жеке ишканалардан электр энергиясы үчүн алынган төлөмдөрдү «“1-С” программасы аркылуу "РСК Банкка" төгүлгөн» деп туура эмес маалыматтарды көрсөтүп киргизишкен. Ал эми банктан накталай төлөм үчүн берилген дүмүрчөктү «кылмышты жашыруу үчүн жасалмалап келишкен».

Автору: Нагима Жеңишбек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жалал-Абад электр» Ноокен РЭСтен 9,6 млн сом уурдалганы тууралуу түшүндүрмө берди