Саймаитинин өлүмү. Стамбулда шектүүлөргө өкүм чыгарылды

Стамбулдун Жогорку жазык соту бизнесмен Айэркен Саймаитинин өлүмүнө шектелген сегиз адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу түрк басылмалары билдиришти.

Сот Абдулла Энверди, Хуйсейн Ахметалиевди жана Самер Баргутаны «Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган» деген берене менен өмүр бою эркинен ажыратты.

Энвер менен Ахметалиев «атайлап адам өлтүрүү» айыбы менен дагы бир жолу өмүр бою кесилди, лицензиясы жок куралды сактоо үчүн — 2,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгып, ошондой эле 500 миң лира өлчөмүндө айып салынды.

Баргута дагы атайылап адам өлтүрүүгө жардамдашканы үчүн 13 жана 4 жылга кесилди.

Ал эми башка айыптуулар Эсад Эль-Хатиба, Али Исбеха жана Али Эль Хак Али куралдуу террористтик уюм менен атайылап жана өз ыктыяры менен жардамдашканы үчүн 3 жыл 1,5 айга эркинен ажыратылды. Айыпталуучу Нормахат Арифонов террористтик уюмга жардамдашкан деген айыптын негизинде 3 жыл 1,5 айга, далилдерди жок кылуу жана жашыруу үчүн 2 жыл 1 айга соттолду.

Саймаитинин өлүмү

Айэркен Саймаити — беш жылдан ашык убакытта Борбор Азиядан жүз миллиондогон долларларды чыгарып кеткен жана 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулдун борборунда өлтүрүлгөн бизнесмен. Ал киши колдуу болор алдында акчалардын булагын ачыкка чыгарган документтерди журналисттерге өткөрүп берүүгө үлгүргөн. Ага ылайык, көпчүлүктүн көзүнө урунбаган көмүскөдөгү үй-бүлө таасирдүү саясий калкалоонун жардамы менен жашыруун карго империясын иштетип келгени ырасталган.

Түрк басылмалары Саймаитиге кафеде отурганда бир киши келип, үн баскычы бар тапанчадан башка атып кеткенин жазышкан. Саймаитини өлтүрүү иши боюнча жети адам кармалган, шектүүлөрдөн курал жана изин жашырып кетишкен унаа табылган.

Саймаити «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» иликтөөсүнүң башкы фигуранты эсептелген кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов тууралуу маалыматтарды айтып берген.

Иликтөөгө ылайык, Матраимов 2011-2017-жылдары бажы кызматында иштеп жаткан учурда 700 млн доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар болушу мүмкүн болгон.

Журналисттер Саймаити жана анын «Абдыраз» компаниясы Матраимовго бул акчалардын үчтөн биринен көбүн — 250 млн долларга чукул каражатты — чыгарып кетүүгө жардам берген деп айтышкан.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы

Сайматинин көзүн тазалоо. Аткарылбай калган убада