«Техникалык мүчүлүштүк». ТИМ «Сахароводогу» мигранттардын узун кезеги боюнча үн катты

Нургазы Жаныбековдун видеосунан алынган скрин

Баткен аэропортунун мурдагы жетекчиси Нургазы Жаныбеков 26-февралда өзүнүн Фейсбук барагына Москвадагы «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунда (КФМБ) тартылган видеону жарыялады. Видеодо медициналык кароодон өтүп, манжа издерин тапшыруу үчүн кезек күтүп турган миңдеген мигранттарды көрүүгө болот.

«Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Өзбекстан — баары бир. Акырын-акырын жылып баратабыз, бирок кезек күткөндөр көп», — деген Жаныбеков.

Ошондой эле, ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кыргыз жарандарына КФМБда «өзүнчө коридор берилди деген маалыматы жалган» деп кошумчалады.

Буга чейин элчилик миграциялык борбордо Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн «2А» аталышындагы өзүнчө эшик ачылганын кабарлаган болчу.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги 1-мартта Жаныбековдун видеосу боюнча комментарий берип, 26-февралда «Сахарово» КФМБда «техникалык мүчүлүштүктөр болгонун» билдиришти.

«Медициналык текшерүү этабында, элдин агымы көбөйгөндө жана техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам миграциялык борбордо узун кезек маал-маалы менен болуп турат», — деп белгиледи министрлик.

Ошондой эле, министрликтен миграциялык борборго келген кыргыз жарандары «баштапкы этапта өзүнчө бөлмөдө тейленип жатканын» белгилеп, бирок кийинки процедуралар башка өлкөнүн жарандары менен бир жерде болгонун кошумчалашты.

«[...] жарандарды медициналык кароодон өткөрүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу бирдиктүү сектордо жүргүзүлөт. Ал жерде техникалык себептерден улам ЕАЭБ, анын ичинде кыргыз жарандары үчүн өзүнчө кароо уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок», — деп билдиришти ТИМден.

Мындан сырткары, мекемеден «Сахарово» борборунда күнүнө 500гө жакын Кыргызстандын жараны тейленип жатканын, орточо күтүү убактысы 3 саат, ал эми элдин агымы көбөйгөн убакта 6 саат экенин кошумчалашты.

«Сахарово» КМФБдагы узун кезектер

17-февралда социалдык тармактарда «Сахарово» КФМБнын алдында мигранттардын узун кезеги тартылган сүрөт жарыяланган. Сүрөттү жарыялаган журналист Нурайым Идрисова таанышына таянып борбордун алдында беш жарым миңден ашуун кыргыз, өзбек жана тажик мигранттары документ алуу үчүн кезекте турганын билдирген.

Мигранттардын узун кезеги пайда болуусуна орус бийлиги 2021-жылдын 29-декабрында «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусу» жана «Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгени себеп болгон. Ага ылайык, Орусияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү милдеттүү болуп калган.

Көп өтпөй Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга реакция жасаган. Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн миграциялык борборлордо «өзүнчө коридор ачууга жардам берүү өтүнүчү» менен нота жөнөткөн.

Ал эми 20-февралда «Сахароводо» ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн «2А» аталышындагы өзүнчө эшик ачылган.

Ошондой эле 22-февралда Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүк мигранттардын медициналык кароосунан өткөнү тууралуу маалыматтардын мөөнөтүн бир жылга чейин узарткан. Буга чейин документ үч айлык мөөнөткө гана жарактуу болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвада миграциялык борбордо кыргыз жарандарына өзүнчө эшик ачылды

Орусия: Мигранттардын медкароодон өткөнү тууралуу маалымкаттын мөөнөтү бир жылга узарды