Москвада миграциялык борбордо кыргыз жарандарына өзүнчө эшик ачылды

Сүрөт: Тышкы иштер министрлиги

Орусиянын Москва шаарындагы «Сахарово» Көп функционалдуу миграциялык борборуна (КФМБ) Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн «2А» аталышындагы өзүнчө эшик ачылды. Бул тууралуу 19-февралда Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

«Бул чара Кыргызстандын жарандарына узун кезекти айланып өтүп, КФМБ тарабынан көрсөтүлгөн кызматтарды — медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо жана башканы тез алууга жеңилдик берет», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин социалдык тармактарда «Сахарово» КФМБнын алдында мигранттардын узун кезеги тартылган сүрөт жарыяланган. Сүрөттү жарыялаган журналист Нурайым Идрисова таанышына таянып борбордун алдында беш жарым миңден ашуун кыргыз, өзбек жана тажик мигранттары документ алуу үчүн кезекте турганын билдирген.

Көп өтпөй Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга реакция жасаган. Элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн миграциялык борборлордо «өзүнчө коридор ачууга жардам берүү өтүнүчү» менен нота жөнөткөн.

Эмгек мигранттары үчүн жаңы эрежелер

Мигранттар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү Мамдуманын депутаттары 2021-жылдын 15-июнунда кабыл алган, ал эми 1-июлда ага президент Владимир Путин кол койгон.

Жаңы мыйзамга ылайык, өлкөгө узак мөөнөткө келген эмгек мигранттары жана чет өлкөлүк жарандар милдеттүү түрдө манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп жана медициналык кароодон өтүшү керек.

Эмгек мигранттары Орусияга киргенден кийин 30 күндүн ичинде нарколог, психиатр жана инфекционисттин кароосунан өтүүгө милдеттендирилет. Медициналык маалымкаттын жарактуу мөөнөтүү бүткөндөн кийин, тагыраагы, үч айдан соң мигрант кайрадан анализ тапшырышы керек болот.

Эгерде мигранттар милдеттенмелерди аткарбаса же алардан айланадагылар үчүн кооптуу жугуштуу оорулар, ВИЧ-инфекциясы, баңгизат колдонуу фактысы аныкталса, анда Орусия алардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн кыскартат.

Орусия мигранттарга билим алууга тыюу салып, жумушка уруксатын же патентин жокко чыгарып, окуусун жыйыштырууну талап кылышы мүмкүн. Мыйзамга баш ийбеген мигранттарга үч жумушчу күндүн ичинде чара колдонулат.

Ошондой эле орус бийлиги 2021-жылдын 29-декабрында «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусу» жана «Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, Орусияга келген мигранттарга медициналык текшерүүдөн өтүү, манжа изин тапшыруу жана сүрөткө түшүү милдеттүү болуп калган.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын талаптары күчөтүлгөнүнө байланыштуу мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Депутат Дастан Бекешев кыргыз мигранттары үч ай сайын 6 миң рублга медкароодон өтүүгө аргасыз болуп жатышканын белгилеген.

Парламентте Кыргызстандын Евразиялык экономикалык комиссиясындагы өкүлдөрүнүн иши дагы сынга алынган. Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев ЕАЭБге мүчө болуп жатканда эркин товар жүгүртүү, кыргызстандыктардын эркин жүрүүсү, капитал жана кызмат көрсөтүү маселелери талкууланганын белгилеген.

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов маселени орус бийлиги менен алдыда боло турган иш сапарында талкуулоону убада кылган.

Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, Орусияда 1 млн кыргызстандык эмгек миграциясында. Ал эми жалпысынан чет өлкөдө 1,1 млн кыргызстандык эмгектенип жүрөт.