Өзгөндө 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелип мурда соттолгон адам кармалды

Шектүү

Өзгөндүн 23 жаштагы жашоочусун өлтүрүүгө шектелип Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиционерлер издөө иштеринин алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Ал жактан анын Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен кошо уурдалган аты табылган. Аларга кароо жүргүзүлүп, кылмышка далил буюм катары алынган.

Ал эми 1-мартта Кызыл-кыядагы мейманканалардын биринен шектүү киши табылган. Ал жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, күнөөнү толугу менен мойнуна алды. Милициядан шектүү «коомчулукта резонанс жараткан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран экенин» белгилешти.

Ошондой эле анын мурда соттолгонун кошумчалашты. Учурда ал Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Өзгөн районунун Жылалды айылында 23 жаштагы тургундун сөөгү өз үйүнөн табылган. Милициядан ал киши колдуу болгонун билдиришкен — маркум башынан кандайдыр-бир миздүү буюмдан 3-4 жолу сокку алгандыгы аныкталган.

Факты боюнча «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү изделип жаткан. Учурда тергөө амалдары уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: 23 жаштагы тургундун сөөгү өз үйүндө табылды