Элчилик: Москвада «зордукталды» делген аял этанолго ууланып, пневмониядан каза болду

Иллюстративдик сүрөт: «РИА Новости» басылмасы

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 2-мартта Москва шаарында «топтошуп зордуктоодон кийин каза тапты» делген аялдын окуясы боюнча билдирүү таратты.

Элчилик дарыгерлерге таянып, кыргызстандык аял этанолго ууланып, пневмониядан улам каза болгонун билдирди. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгында «зордуктоо фактысы жокко чыгарылганын» кабарлашты.

Москва шаарынын Кузьминки району боюнча Ички иштер министрлигине кыргызстандык аял зордукталганы тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын 3-январында түшкөн.

Кыргыз жараны мурду сынып, алгоколго ууланган абалда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми полиция аял менен чогуу спирттик ичимдиктерди ичкен эки кыргыз жаранын кармаган.

«Дарылоочу дарыгердин айтымында, 28-февралда Кыргызстандын жараны этанолго ууланып, пневмониядан улам реанимацияда каза болгон. Так себеби соттук-медициналык экспертизадан кийин аныкталат», — деп билдиришти Кыргызстандын элчилигинен.

Окуяга байланыштуу элчилик Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылуу жолдоду.

Буга чейин орусиялык ЖМКлар 36 жаштагы кыргызстандык аялды алты киши сабап, зордуктаганын жазып чыгышкан. Окуядан соң аял каза болгонун билдиришкен.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда 1 млнго чукул кыргыз жараны эмгектенет.