Сот активист Мирлан Асакеевге 3 миң сом айып салды

Мирлан Асакеев (Атакозу теги)

Дисклеймер: Айрым маалыматтарды тактоого мүмкүн болбогондуктан аталган материал жаңыртылды. Ыңгайсыздык үчүн окурмандарыбыздан кечирим сурайбыз.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту согушка каршы митингине катышкан активист Мирлан Асакеевди (Атакозу теги) «Бейбаштык» беренеси боюнча актады. Бирок «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап 3 миң сом айып салды.

Активист өзү «Клоопко» буга макул эместигин жана чечимди даттанаарын билдирди. Анын айтымында, экинчи айып боюнча да анын күнөөсү далилденген эмес.

Ал эми «Кылым шамы» укук коргоо борборунун аткаруучу директору Гүлшайыр Абдирасилова «Клоопко» Асакеевди айыпталган беренеде камакка алуу каралбаганын белгилеп, «эмненин негизинде активистти бир күндөн ашык убакыт кармашты» деп суроо салды.

Активисттин кармалышы

5-мартта Орусия элчилигинин имаратынын алдына согушка каршы тынчтык митингине чыккан активист Мирлан Асакеевди милиция кармап кеткен. Ал Биринчи май РИИБинде бир түн кармалган.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова активист «Майда бейбаштыкка» айыпталып жатканын айтып, анын кармалышын «мыйзамсыз» деп атаган. Анын айтымында, митингдерге согушка чакырыктар, зордук-зомбулук, адам укуктарын бузуулар болгондо же башка тынч жыйынды үзгүлтүккө учуратуу максатында митинг өткөрүлгөндө гана ага тыюу салынышы мүмкүн.

Абдирасулова активисттин мындай аракеттерге барбаганын айтып, «милиционердин митингди токтотуу талабы өзү мыйзамсыз» деп билдирген.

Кийинчерээк Биринчи май РИИБинен «активист 5-март күнү Орусия элчилигинин алдында митинг учурунда коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын бузган» деп билдиришкен. 

«Милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти бузууну токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүүлөр берилген, бирок ал, алардын талаптарына баш ийбей, кызматкерлерге карата уят сөздөрдү айткан», — деп билдиришкен РИИБден.

Асакеевге «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» жана «Майда бейбаштык» беренелери боюнча айып тагылган.

Анткен менен милициядан кайсы аракетти коомдук тартипти бузуу катары кабыл алышканын түшүндүрүшкөн эмес. Анткени Конституцияда кыргызстандыктарга тынчтык митингине катышууга укук берилген — Баш мыйзамдын 39-беренесине ылайык, ар бир адам тынч чогулуштарды өткөрүүгө жана катышууга укуктуу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте согушка каршы митингге чыккан активист Мирлан Атакозу кармалды