Баткенде бажы кызматкерлери үчүн үч кабаттуу кызматтык үй курулуп жатат

Сүрөт: Turmush

Баткенде бажы кызматынын облустагы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн кызматтык турак жай курулуп жатат. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 7-мартта Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков, облус башчынын орун басары Маруфхан Туллаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү курулушка капсула салышкан.

Үч кабаттан турган үйдө 18 батир болот. Курулуш түшүп жаткан жер тилкеде мурда кызматтык турак жай жайгашкан эле. Анын эскилиги жеткендиктен жаңы үйгө муктаждык бар болгон.

«Турмуш» басылмасы үйдүн курулушуна 2021-жылы 72 млн сомдук тендер жарыяланганын, аны Оштогу «Монтажник» компаниясы 63 млн сом сунуштап утуп алганын жазды. Анткен менен Мамлекеттик сатып алуулар порталынан тендер тууралуу маалыматты таба алган жокпуз. Ал эми аталган кызматтын өзүнө байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин УКМКнын кызматкерлери үчүн да Жалал-Абад шаарында 205 батирден турган кызматтык үй курула баштаган. Курулуш иштери 2022-жылдын аягында бүткөрүлөрү айтылган. Үй чек арачыларга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да берилет.

Мындан сырткары атайын кызматтын аймактардагы башкармалыктары үчүн жаңы имараттар курулган. Аталган курулуштар үчүн каражаттын булагы ачыкталбай келет.

Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдагы сурамжылоосу боюнча Мамлекеттик бажы кызматы эң эле коррупциялашкан ведомство деп табылган.

Мамлекеттик органдардагы коррупция -100дөн +100гө чейинки балл менен эсептелген. Бажыдагы коррупциянын деңгээли жылдын биринча жарымында -16, экинчи жарымында -15,4 деп бааланган.