Нарында дарыяга түшүп кеткен сегиз жашар бала изделүүдө

Нарын облусунун Орто-Нура айылынын Кабак аймагында дарыяга түшүп кеткен сегиз жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 7-март күнү болгон. Анда Темирлан Түмөнбаев аттуу өспүрүм өзү теңдүү балдар менен муз тээп жүрүп, тайгаланып Нарын дарыясына агып кеткен. Классташтары аны куткара албай калышкан.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө милиция жана ӨКМдин кызматкерлери айыл тургундарынан турган атчан жана жөө адамдардын тобу менен биргеликте издөө иштери жүрүп жатат.

2021-жылдын июнь айында Ош облусунун Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясына агып кеткен 15 жашар кызды куткарам деп, анын 38 жаштагы апасы жана 36 жаштагы таежеси каза тапкан. Ал эми кызды облустук туристтик милициянын кызматкерлери куткарып калышкан.

Өспүрүмдү куткаруу үчүн артынан алгач апасы, андан кийин таежеси дарыяга түшкөн. Бирок кыз баллону менен агып кете берген. Ал эми анын апасы менен таежеси сууга чөгүп кетип каза табышкан. Алардын сөөгүн тургундар чыгарышкан, ал эми баллону менен ташка такалып калган кызды милиционерлер суудан алып чыккан.