Экс-депутат Абжалиев 1,2 млн доллар зыянды ордуна келтирип, камактан бошотулду

Алиярбек Абжалиев

Парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев «алдамчылык» фактысы боюнча зыянды ордуна келтирип, камактан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 12-мартта маалымдады.

УКМК экс-депутатты 10-февралда кармаган. Абжалиевдин үстүнө жеке ишкер арыз жазып, ал депутат болуп турганда жакын туугандары менен сүйлөшүп алып аны 2 млн долларга алдаганын билдирген. Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, экс-депутат камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө зыяндын өлчөмү 1,2 млн доллар түзгөнү аныкталган. Абжалиев зыянды толугу менен төлөп, мындан улам Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-мартта аны камактан бошоткон.

Буга чейин Абжалиев «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин фигуранты болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Абжалиев экс-президент Жээнбеков менен болгон туугандык катышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүү менен жеке жактардын кызыкчылыгын коргогон.

Атайын кызмат депутатка таандык 20дан ашуун батир, вип-шаарчалардан бир нече үйлөр, пансионат жана жер тилкелер, ошондой эле, Түркия жана Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөр бар болгону аныкталганын билдирген. Абжалиев бул айыптоолорду четке кагып, көп өтпөй Түркияга чыгып кеткен.

Абжалиев 2021-жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып, мамлекеттик бюджетке 20 млн сом которгон.

Ал эми 9-февралда Башкы прокурор Курманкул Зулушев Абжалиевдин «мыйзамсыз баюу» иши кыскартылганын билдирген. Ошол эле учурда башкы прокурор депутаттын ишин кыскартууга эмне себеп болгону ага белгисиз экенин кошумчалаган.