Журналисттерге каршы митингдердин катышуучусуна УКМК башчысын сөккөнү үчүн иш козголду

Өзүн активист деп атаган Жолдошбек Сыргаков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди сөккөнү үчүн аны майда бейбаштыкка айыптап жатышканын айтып чыкты. Ошол эле учурда, ал Ташиевден арыз түшпөгөнүн белгиледи.

«УКМК жогорку кызматтагы кишилерди сөгүп жатат деп Биринчи май райондук сотуна рапорт бериптир. Биринчиден менин адвокатым да жок. Мамлекеттик адвокатка болсо акча бериш керек экен. Ага же акчам жок. Ушулардын баарын УКМК кылып атат. Бул атайын кылбаган нерсе. Аны бардыгы эле сөгөт», — деген Сыргаков. Анын айтымында, Ташиевди сөккөн күнү ал мас абалда болгон.

Сыргаков «Кактус Медиа» жана «Клооп» басылмаларына каршы митингдерге катышканы, ошондондой эле иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясында чагымчылдык аракеттери менен белгилүү.

Журналист Адыл Акжол уулу Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоонун алдында Жолдошбек Сыргаковдун сөгүнүп жаткан видеосун жарыялаган. Видео «Атазовдун “Дабдыраган” бригадасы: Шайлообек Атазовдун ишенимдүү адамы Жапаров менен Ташиевди сөгүп жатат. Бул кылыгы уят да…» деп аталган.

Акжол уулу президент менен УКМКнын төрагасын кемсинтүү жол берилгис нерсе деп эсептеген.

Ага жооп кылып Свердлов округунан парламентке аттанган Шайлообек Атазов журналисттин үстүнөн БШКга арыз жазган. Атазов Сыргаков анын ишенимдүү адамы эмес экенин айтып, журналистти жалаа жабууга айыптаган.

*Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Жолдошбек Сыргаков

Жолдошбек Сыргаков деген ким?

Сыргаков «Элдик көзөмөл» кыймылынын өкүлү — аталган кыймыл 2020-жылы бийлик алмашкандандан кийин активдүү иштеп баштаган. Өздөрүн активист деп атаган кишилерден турган кыймыл мамлекетте «элдик көзөмөлдү орнотууну» талап кылышкан. Ал эми Сыргаков Бишкектеги автоунаалар токтотуучу жайларды көзөмөлдөй турганын айткан.

«Элдик көзөмөлдүн» дагы бир мүчөсү, Садыр Жапаровдун тарапташы Бакай Кашкарбаев 2021-жылдын октябрь айында кармалган.

Жолдошбек Сыргаков Бишкекте өткөн көптөгөн митингдерге катышып жүрөт. Мисалы, 23-январда Сыргаков иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо митингине келип, чагымчыл жасоого аракеттенген. Ал митингдин катышуучуларына «30 жылдан бери ушундай сөз эркиндиги болду беле» деп кыйкырган.

Көп өтпөй, 28-январда, ал Kaktus.Media басылмасынын кеңсесинин алдындагы митингге да катышкан. Анда чогулгандар басылма кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу макалага нааразы болуп чыгышкан. Анткен менен Сыргаков Kaktus.Media’нын макаласын окубаганын моюндап, адвокат Канат Хасанов «журналисттер окуяны эки тараптуу чагылдырууга милдеттүү экенин» түшүндүргөндөн кийин басылманы жабуу талабынан баш тарткан.

Сыргаков журналисттерге каршы митингдерге катышууну улантып, 9-февралда Kaktus.Media жана «Клооптун» кеңсесинин алдында өткөн акцияга да келген. Аталган митингге «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган Бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары жана Шайлообек Атазовдун талапкерлигин колдоп жаткан экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да катышкан.