Видео: Кара-Сууда тургундардын ортосунда чыр чыгып, ок атылды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Бул тууралуу 13-мартта Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-март күнү саат 16:00 чамалуу милицияга Гагарин көчөсүндө адамдар мушташып, ок атылганы тууралуу кабар келген. Жерине барган Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө кызматкерлери чыр чыккан жерден ок атуучу куралдын сары түстөгү эки гилзасын табышкан.

Мындан улам «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, күбөлөр суракка алынган. Милициядан чырга ортодогу карыз акча себеп болгонун билдиришти. Карызын доолап барган адам травматикалык тапанчадан эки жолу ок чыгарган.

Окуя болгон жерде тартылган тасма Фейсбукка да жарыяланды. Анда он чакты эркек киши окуя болгон жерде жүргөнүн, ошондой эле бир нече аял аларды ажыратууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Милиция кылмыштын изи сууй электер кармалган Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы тургуну экенин кошумчалады. Анын жанынан МР-79-9ТМ 9 мм. калибрлүү травматикалык тапанчасы беш даана ок-дарысы менен алынды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми 33 жаштагы жабырлануучуга соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Ал башына жана сол бутуна жаракат алган. Учурда райондук ооруканада дарыланып жатат.

2021-жылдын декабрында Кара-Суу шаарында «куралдуу каракчылык» болгон. Анда белгисиз кишилер жергиликтүү ишкерге курал такап, унаасын айдап качкан. Тоноо учурунда «Дэу-Лачетти» унаасы толугу менен өрттөнүп кеткен.

Облустук милиция ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында талоончулукка шектелип мурда «Киши өлтүрүү» жана «Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо» беренелери менен эки жолу соттолгон 32 жаштагы «Ш.М», мурда диний экстремизмге байланыштуу соттолгон 48 жаштагы «А.У» жана мурда «Уурулук» беренеси менен соттолгон 46 жаштагы «Р.Д» аттуу жарандар кармалганын билдирген.

Кармалган жарандардын жанынан мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Видео: Кара-Сууда жергиликтүү ишкерге куралдуу кол салууга шектелгендер кармалды