УКМК: Бишкекте мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы мыйзамсыз майнинг-фермаларды түзүп, криптовалюта өндүрүү фактысы аныкталганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 25 жаштагы киши Бишкек шаарындагы Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан «Тихий-Замок» мейманканасынын жертөлөсүндө 150дөн ашык техникасы бар майнинг-ферма түзгөн.

УКМКдан белгидешкендей, майнинг-ферма «Түндүк электр» ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулганы аныкталган.

Өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгынан улам «Улуттук энергохолдинг» ААКсы тарабынан криптовалюта өндүрүүгө тыюу салынган. Учурда жогорудагы факт боюнча тергөө башталып, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталып жатат.

Өткөн жылдын 27-июлунда УКМК Нарын облусунун тургуну үйүндө 118 майнинг-ферма орнотконун аныктаган. Ал «ишмердигинин бетин ачпоо үчүн» үн кирбегидей кылып жабдуулап, керектүү вентиляцияны киргизип алганы белгилүү болгон.

Ошол эле жылдын декабрь айында майнинг-ферма уюштурууга шектелип Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын башчысынын милдетин аткаруучусу кармалган.

УКМКнын кызматкерлери ал криптовалюта өндүрүү үчүн өз үйүндө майнинг-ферма уюштурурганын аныкташкан. Шектүү мамлекетке жалпы 1 миллион 17 миң сом зыян келтирген. Кийинчээрек ал ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда криптовалюта өндүрүү

Кыргызстанда криптовалютаны өндүрүүнү жөндөгөн же ага тыюу салган мыйзамдар жок. Жазык мыйзамында дагы криптовалюталарга байланыштуу операциялар же аларды *майниңг кылуу кылмыш деп жазылган эмес. Ал турай, Кыргызстандын мыйзамдарында «майниңг» же «криптовалюта» деген сөздөр да жок.

Майниңг — бул атайын жабдуулар аркылуу криптовалюталарды, мисалы биткоиндерди өндүрүү. Майниңг кылган мекемелер майниңг-ферма деп аталып, адатта компьютерлердин көптөгөн ар кандай тетиктеринен турат, ал эми процедуранын өзү көп электр энергиясын талап кылат.

Кыргызстанда майниңге тыюу салынган эмес, бирок ал мыйзамдаштырылган дагы эмес — ал тууралуу бир дагы мамлекеттик мыйзамда айтылбайт.

Ошентсе да 2019-жылдын июль айынын ортосунда каржы полициясы майниңг-ферманы аныктап, аларды «мыйзамсыз» деп атаган. Күч түзүмдөрү ферманын бардык жабдууларына мөөр басып, өндүрүштүн жетекчилерине иш козгогон.

Анда криптоволюта менен алектенген 30га жакын компаниянын электр жарыгы өчүрүлгөн. «Улуттук энергохолдинг» бул кадамды Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайганына байланыштуу үнөмдөө чарасы деп түшүндүргөн.