УКМК 100гө жакын мамкызматкер жасалма диплом колдонууга шектелип жатканын билдирди

УКМКнын басма сөз кызматы мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана кош жарандуулугун текшерүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иштеген 96 кызматкер жасалма диплом колдонууга шектелүүдө.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн негизинде тогуз адам өз каалоосу менен дипломун тапшырды, 16 кызматкер кызматтан кетти. Учурда Жогорку Кеңештин төрт, шаардык кеңештин үч депутатынын, аппараттын бир кызматкеринин жана эки судьянын диплому текшерилип баштады.

Атайын кызматтан 12 мамлекеттик кызматкердин кош жарандуулугу текшерилип жатканын билдиришти. Аны менен катар, кесиптик лицейлердин биринде студенттерге мыйзамсыз диплом берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, териштирүү иштери башталганын кошумчалады.

Ошондой эле, УКМК алдыда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жогорку билими жана жарандыгына байланыштуу он миңдеген материалдар текшериле турганын белгиледи.

УКМК тарабынан жарыялаган жасалма диплом колдонууга шектелгендердин толук тизмеси:

  • Жогорку Кеңештин төрт депутаты;
  • парламент аппаратынын бир кызматкери;
  • шаардык кеңештердин үч депутаты;
  • бир мэр;
  • бир экс-мэр;
  • бир вице-мэр;
  • эки судья;
  • Эсептөө палатасынын бир аудитору;
  • ички иштер органдарынын 10 кызматкери;
  • Чек ара кызматынын бир кызматкери;
  • Салык кызматынын үч кызматкери;
  • ТИМдин алты кызматкери;
  • Экономика министрлигинин эки кызматкери;
  • Транспорт министрлигинин үч кызматкери;
  • Айыл чарба министрлигинин төрт кызматкери;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бир кызматкери;
  • Экология министрлигинин бир кызматкери;
  • Дин иштер боюнча мамкомиссиянын бир кызматкери;
  • бир саламаттык сактоо кызматкери;
  • 17 билим берүү кызматкери;
  • Соцфонддун бир кызматкери;
  • эки банк кызматкери;
  • муниципалдык кызматтын төрт кызматкери;
  • ЖМАнын бир адиси;
  • бир президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары;
  • шаардык кеңештин бир кызматкери;
  • бир райондук акимчиликтин башчысы;
  • жети айыл аймак башчысы;
  • эки айыл аймак башчысынын орун басары;
  • айыл аймактардын жети кызматкери;
  • айылдык кеңештин беш депутаты.

Мамлекеттик кызматкерлердин дипломун текшерүү

Буга чейин УКМК президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун жана алардын кош жарандыгы бар-жогун текшерип баштаган. Текшерүү үстүбүздөгү жылдын 24-январында башталган, ал 3 айга созулат.

Атайын кызмат, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин жана депутаттардын жасалма диплом алганы аныкталса, ээлеген кызматын өз ыктыяры менен бошотуп берүү маселеси караларын эскерткен.

Ошондой эле, ведомство жасалма диплом менен кызматка келгендер тууралуу коомчулукка маалымат берип турууну убадалаган.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында УКМК Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын полковниги жана Эсеп палатасынын аудиторунун дипломдорун иликтей баштаган. УКМК алар «жасалма диплом менен иштеп келген» деп шектеген.

Ага чейин, бир нече саясатчы «мыйзамсыз диплом алууга» айыпталып, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алардын арасында депутаттык мандатынан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү Орозайым Нарматова, мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Кыянбек Сатыбалдиев дагы бар.

Тема боюнча:

Диплом текшерүү: Кочкордо мугалим прокуратурага сурак бергенден кийин өз жанын кыйды

УКМК: 24-январдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин диплому жана жарандыгы текшерилет