Аманалиев: Жок дегенде бир жыл бизнеске тиешелүү мыйзамдар кабыл алынбаса экономика жанданат

Бизнес-коомчулуктун Социалдык фонддун өкүлдөрү менен жолугушуусу.

Ololo Group’тун негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Данияр Аманалиев өлкө экономикасы реалдуу түрдө өсө башташы үчүн жок дегенде бир жыл бизнеске жана салыкка тиешелүү мыйзамдар кабыл алынбашы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бизнес-коомчулуктун Социалдык фонддун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтты.

Аманалиевдин пикиринде, мындай тартипте экономиканын өсүшү 5%га чукул болушу мүмкүн.

«[Кабыл алынган] Салык кодекси салык чогултууга гана багытталган. Бизнес айласыздан коргонуп жатат. Салык кодексине кубанган эч ким жок. [Бул] жөнөкөй эле ишкердин ою, эгер мамлекет уурдаганын эле токтотсо өсүү болот», — деди Аманалиев.

Ал каатчылык учурунда бийлик бизнеске кулак салып, ишкерлер нааразы болгондун баарын жокко чыгарышы керек деп дагы эсептейт.

«Сурамжылоо жүргүзгүлө, бизнесмендер нааразы болгон мыйзамдарды жокко чыгаргыла, ошондо экономика жанданат. Бизди артка тартканды токтотуп, иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле», — деди ишкер.

Тема боюнча:  Президент Садыр Жапаров жаңы Салык кодексине кол койду

Бийлик такси кызматынын ар бир буйрутмасынан 2% салык алууну көздөйт

Эми кардардын банктык маалыматы купуя болбойт. Салык кодексине түзөтүү сунушталды

Бийлик жана ишкерлер экономикалык кризистен чыгуу үчүн эмне сунушташты?