«Байге фонду миллион сом». Каракол шаарында кыргыз-казак айтышы өтүп жатат

20-марттан тартып Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төкмө акын Майра Керим кызынын 60 жылдыгын утурлай кыргыз-казак айтыш сынагы башталды. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Каракол — КМШ ѳлкѳлѳрүнүн маданий борбору» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

«Төгүлгөн ыры дайра эле, төкмөдөн күлүк Майра эле» аталышындагы айтышка Кыргызстандан 12, Казакстандын төрт акын катышат. Сынактын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.

Иш-чаранын ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, эл өкүлдөрү Акылбек Түмѳнбаев, Нуржигит Кадырбеков жана Президентинин Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Алтынбек Сулайманов катышты.

Айтыш — төкмө акындардын, чечендердин чыгармачылык кудуретин, ыр куроо чеберчилигин сыноо үчүн уюштурулган өз ара мелдеш.

Көпчүлүк учурда улуттук аспаптын (комуз же домбуранын) коштоосунда айтылат. Айрым чечендер комузу жок дагы төгүп жүрүшөт. Айтыштын жүрүшүндө карама-каршы отурган эки акын кезектешип диалог куруп, бири-биринин сөзүнө, суроосуна оозеки ыр менен жооп берет. Сынактын аягында жеңүүчү аныкталат.

«Каракол — КМШ ѳлкѳлѳрүнүн маданий борбору»

«Шериктештиктин маданий борбору» эл аралык программасынын алкагында 2021-жылдын декабрь айында Каракол шаары «КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору» деп жарыяланган.

Эл аралык програма КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. «Маданий борбор» наамын алуу үчүн КМШга мүчө-мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат. Былтыр бул макамды Тажикстандын Дүйшөмбү шаары алган.

Каракол шаары Ысык-Көл облусунун административдик борбору, Кыргызстандын төртүнчү чоң шаары. Тарыхый жана архитектуралык мурастарга ээ. 2019-жылы Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленген.

Тема боюнча:

«Чыдабай чыкты аянтка, чындык деп күйгөн жаштары». Кыргыз төкмө акыны казак элине кайрылды

Төкмө акын Аалы Туткучев президентке сот менен бажыдагы көйгөйдү айтып ырдады