OCCRP: Орусиянын мисалы адамдарга чындыкты билүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат

Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун (OCCRP) башкы редакторунун орун басары Миранда Патручич Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларга карата болуп жаткан басым тууралуу билдирүү жасады. Ал өз регионунда эң эле демократиялуу деп эсептелген өлкөдө басма сөздүн эркиндиги начарлап жатканын белгиледи.

Билдирүүнүн түп нускасын бул шилтемеден окуса болот.

«Кыргызстанда ЖМКга карата басым жасалышы жаңы көрүнүш эмес, бирок акыркы окуялар өлкөдө кооптуу жана тынчсыздандырган бурулуштун белгисин берип жатат», — деп эсептейт Патручич.

Патручич мындай окуяларга иликтөөчү-журналист Болот Темировдун кармалышын, Kaktus Media’га кыргыз-тажик чек ара жаңжалында тажик басылмасына таянып маалымат жазганы үчүн «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш ишинин козголушун жана «чет элдик агенттер жөнүндөгү» демилгелерди кабыл алуу аракеттерин мисал кылды.

23-январь, ИИМдин имаратынын алдында иликтөөчү-журналист Болот Темировду колдоо митинги. Сүрөт: «Клооп».

«Бул окуялар былтыр августта кабыл алынган жана укук коргоочулар тарабынан айыпталган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамы менен бирге Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине коркунуч жаратууда», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле Патручичтин пикиринде, минкабдын интернеттеги жалган маалыматка даттануу боюнча токтом долбоору* Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлар үчүн «абалды ого бетер оорлотот». Бул документ «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга кандайдыр бир кошумча болуп калышы керек.

*Ченем Маданият министрлигине айрым барактарды, ал түгүл бүтүндөй бир сайтты соттун чечимисиз эле бөгөттөөгө мүмкүнчүлүгүн берет — авторду кимдир бирөө фейк маалымат таркатууда деп айыптаганы гана жетиштүү болот. Токтом долбоорун бир катар укук коргоочулар сынга алышкан. Алар документте мамлекет тарабынан кепилденген сөз жана ойду эркин айтуу укугуна таасир эте турган «антиконституциялык механизмдер» бар деп айтышкан.

Патручич жаш иликтөөчү-журналисттерди окутуп жатып, «чындап эле өзгөрүүлөр болушу мүмкүн» экенине ынанганын белгилейт. Ал президент Садыр Жапаров үгүт кампаниясында «Укуктар жана эркиндиктер жөнүндөгү келишимди» колдогонун эске салды. Ал учурда талапкер болуп турган Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндигин, демократияны, мыйзам үстөмдүгүн жана адам укуктары сактала турганын билдирген.

«OCCRP’нин жакында эле “Клооп” менен биргеликте жасаган иликтөөлөрү кыргыз бийлигинин эң эле жогорку тепкичтериндеги коррупциянын бетин ачкан, бул нааразылыктарды жаратып, мурдагы бийлик кулап, бүгүнкү бийликтин келүүсүн шарттаган. Эгер Жапаров өзүнө бийликке келүүгө чындап жардам берген абдан эффективдүү инструменттердин бирин жок кылса, анда бул чоң зыян болот. Ал көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоодо активдүү болушу керек», — деп эсептейт Патручич.

Ошондой эле, анын пикиринде, учурда кыргызстандыктар өз журналисттерин коргоп калышы керек, себебп дегенде Болот Темиров менен болгон окуя ар бир жарандын башына келиши мүмкүн.

«Кыргызстанга көмөк көрсөткөн чет элдик өкмөттөр бул жардамын сөз эркиндиги жана демократия менен байлашы керек. Сөз эркиндигине жана демократияга кам көргөн демөөрчүлөр бул маанилүү аймакта журналисттик иликтөөлөрдү каржылоого тийиш», — деди ал.

Патручич көз карандысыз басылмаларга карата күчөп жаткан басымды иликтөөчү журналистика «коррупцияга каршы күрөштүн эффективдүү куралына» айлангандыгынын белгиси катары караса болорун белгиледи.

«Биз өлкөнүн жарандарына пропагандага гана кабылбастан, чындыкты билүүсү канчалык маанилүү экенин көрдүк. Кыргызстанда өз милдеттерин аткарып, бийликти жоопкерчиликке тартып, жарандарга чындыкты көрсөтүп жаткан көз карандысыз журналисттердин дагы деле бар экени кыйла маанилүү. Бирок дүйнө Орусия Украинада үрөй учурган нерсени кылып жатканын күзөтүп жаткан чакта башка өлкөлөрдү артка кетүүдөн сактап калса болорун унутпоо керек», — деп жыйынтыктады сөзүн Патручич.

Акыркы убактарда көз карандысыз басылмалар өз ишмердигин жүргүзүүдө массалык чабуулдарга кабылып жатат.

Өлкө бийлиги «чет элдик агент» жана «жалган маалыматтарды» таратуу үчүн басылмалардын ишин чектөө тууралуу эски демилгелерди кайра көтөрө баштады. Көз карандысыз редакциялардын алдында митингдер өтүп, журналиттер кармалып, алардын аккаунттарын бузуп кирүү аракеттери болууда.