«Чыңалууну күчөткөн». Башпрокуратура «Кактуска» козголгон кылмыш ишинин себебин айтты

Башкы прокуратура депутат Дастан Бекешевдин Kaktus Media басылмасынын макаласына байланышкан козголгон кылмыш иши тууралуу кайрылуусуна жооп берди.

27-январда «Kaktus.media» басылмасы Тажикстандын «Азия Плюс» медиасына таянып, тажик тараптын чек ара жаңжалы боюнча позициясын билдирген макаласын чыгарган. Макала кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги жаңжалдын шартында жарык көргөн.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө макалада «Кыргызстандын аскерлери биринчи болуп ок атып, Тажикстанды чагымчылдыкка түрткөн деген жалган маалымат камтылган» деп айтылат.

«[Бул макала] коомчулукта кеңири нааразычылыкты жаратып, чыр-чатактын зонасында да, бүткүл өлкө боюнча да чыңалуунун күчөшүнө алып келген, бул кырдаалдын андан ары курчушуна жана аскердик күчтүн колдонулушуна алып келиши ыктымал болгон», — деп түшүндүрөт Башкы прокуратура.

Башкы прокуратуранын жообу. Сүрөт: Дастан Бекешев.

Көзөмөл органы макаланы жарыялоо фактысы боюнча иликтөө уланып жатканын кошумчалады.

Дастан Бекешев өзү Башкы прокуратуранын жообун «куру жооп» деп атады.

«Биринчиден, лингвистикалык экспертиза болушу керек, себеби согушту пропаганда кылуу болгон-жогун далилдөө зарыл. Экинчиден, материалды сайтка басып чыгаруу үчүн кылмыш иши козголбойт. Үчүнчүдөн, материал өчүрүлгөн же актуалдуулугун жоготкон», — деди ал «Кактуска».

Kaktus.media’нын сайтындагы макала

1-февралда прокуратура Kaktus Media басылмасында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу Тажикстандын Asia Plus сайтынан алынган маалымат чыгарылганы фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.Көзөмөл органы басылмага карата «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Ошондон кийин «Кактус Медианын» алдында бир канча жолу митинг өтүп, анда басылманы жабуу жана «чет элдик агент» мыйзамын кабыл алуу талабы айтылган. Митингдин айрым катышуучулары буга чейин ИИМдин имаратынын алдында журналист Болот Темировду колдогон митингде да байкалган — алар чагымчылдык кылышкан.

Басылманын өзү митингдерге чейин эле макалага байланыштуу түшүндүрмө жарыялап, «тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү максаты болгонун» айтышкан.

Журналисттерди коргоо комитети менен Amnesty International укук коргоо уюму басылмага карата козголгон кылмыш ишин «эркин басылмага асылуу» катары баалап, кыргыз бийлигин аны токтотууга чакырган.

Тема боюнча окуңуз:

«Журналисттерге катуу ыкмаларды колдонбош керек». Жапаров Kaktus Media’нын иши тууралуу

Ташиев Kaktus Media’нын иши тууралуу: Мындай майда иштер менен алектенбейбиз